Тбилисиде нааразылык акциясынын уюштуруучусу жана үч шериги кармалды
Тбилисиде өкмөткө каршы акциялардын уюштуруучуларынын бири жана үч катышуучусу камалды. Грузиянын Ички иштер министрлиги 11-июнда кабарлагандай, Звиад Курпава менен анын шериктери "бейбаштык кылды" жана "полицияга баш ийбеди" деп айыпталып жатышат.
Грузияда өкмөткө каршы демонстрациялар 31-майда башталган. Буга декабрь айында эки өспүрүмдүн өлүмүнө шектелгендер жарым-жартылай акталганы себеп болгон. Андан тышкары мушташка катышкан башка балдар, арасында Башкы прокуратурадагы жогорку кызматта иштеген кишинин уулу жоопко тартылган эмес. Мындан улам өлтүрүлгөн өспүрүмдөрдүн биринин атасы Зара Саралидзенин нааразылыгы чоң акцияга айланып кетти.
Демонстрациялар 6-июнда токтоп, 10-июндан тарта кайрадан уланууда. Нааразылыкка чыккандардын баштапкы мүдөөсү баш прокурорду кызматтан кетирүү болчу. Ал талап аткарылган. Толкуган эл өкмөт башчынын отставкасын талап кылып, парламенттин алдынан кетпей жатышат.
Саралидзе полиция кармап кеткен шериктерин тезинен бошотууну сурады.