Ооганстандагы чабуулдар 30дан ашуун өмүрдү кыйды
Ушул жумада Ооганстанда жанкечтинин кол салуусунан 33 киши каза тапканы кабарланууда.
Кабулда жанкечти Айылды өнүктүрүү министрлигинин алдында өзүн жардырып, 12 өмүрдү кыйды, 30дан көбү жараат алды. Кундуз провинциясында талиптер коопсуздук күчтөрүнүн постуна кол салып, 15 аскерди өлтүрүштү.
Газниде автоунаа жарылып алты киши жашоо менен кош айтышты.
Кол салуулар үчүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ жоопкерчилик алганын жоочулардын АМАК агенттиги кабарлады.