Жогорку технологиялар паркына имарат бериле элек
2011-жылы Жогорку технологиялар паркын түзүү боюнча мыйзамдын негизинде 2014-жылы ишин баштаган мамлекеттик дирекция азыркыга чейин туруктуу имараты жок иштеп келет.
Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган парктын директору Алтынбек Исмаилов билдирди. “Бизге Кыргыз улуттук илимдер академиясынан имарат бөлүнгөн. Бирок ал жактагылар бербей жатышат. Азырынча виртуалдык шартта, чакан бөлмөдө эле иштеп жатабыз”, - деди Исмаилов.
Азыркы тапта парктын эсебинде кырктан ашуун IT компаниясы катталган. Бул тармактагы жылдык киреше 4 миллион долларга жетүүдө. (BCh)