Финпол: Аткезчилик менен кирген кымбат баалуу автоунаа кармалды
«Lexus GX470» үлгүсүндөгү автоунаа мурда ашкереленген коррупциялык схемалар менен Кыргызстанга киргизилгени аныкталды. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Lexus GX470» машинеси жасалма документтер менен 2017-жылы кирип, Каракол шаарында каттоодон өткөн. Кылмышты жаап-жашыруу максатында мамлекетик тиешелүү органдарда бир нече жолу кайра каттоодон өткөрүлгөн. 2007-жылы чыккан машине 1-июнда Бишкектен кармалган. Аны алып кирүүдөн мамлекеттик бюджетке 1 миллион 979 миң сом зыян келтирилген.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы топтогон материалдардын негизинде бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу"), 204 ("Аткезчилик"), 350 ("Документтерди жасоо") беренелери менен кылмыш ишин козгоду.
Ошондой эле иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында 120дан ашык автоунаа камакка алынганы кабарланды.
Буга чейин Орусиядан уурдалган кымбат баалуу 45 машине Кыргызстандан табылган. Ички иштер министрлиги Кыргызстандан табылган кымбат баалуу 45 автоунаа Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттерден жоголгонун билдирген. Арасында "Lexus", "Toyota", "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү жол тандабастар, кроссоверлер, "Toyota", "Mercedes-Benz", "Volkswagen" үлгүсүндөгү седан кузову менен чыгарылган машинелер бар. Алардын 82 пайызынын VIN-коду өзгөртүлгөнү белгилүү болгон. (NT)