Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы жөнүндө китеп чыкты
“Эгемендиктин 30 жылдыгына карата чыгып калсын деп үч жыл эмгектендим эле, мына эми ошол аракетимдин жыйынтыгы монография түрүндө жарык көрүп отурат”, - деди Ибраимов .
Китеп 550 бет, 44 бөлүмдөн турат жана ага жүздөн ашуун илимий булактар, эмгектер, архивдик материалдар пайдаланылган. Китепти Кыргыз–Орус Славян университети чыгарды.
Быйыл 31-августта эгемендиктин 30 жылдыгы белгиленет. (TSh)
