Алматы: Кытай консулдугунун алдына акцияга чыккан активисттер кармалды
Шинжаңдагы туугандары абакка түшүп, кабарсыз кеткендердин жакындары февралдан бери Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында пикет өткөрүп келишет. 140 күнгө созулган акциялар маалында Кытай консулдугунун кызматкерлери бир да жолу чыгып, маалымат беришкен жок.
Акциянын катышуучуларын казак полициясы бир нече жолу кармап кеткен. Кытайда камактагы бир тууганын бошотууну талап кылган Байболат Күнболатулыны 22-июнда полиция кармап, 15 суткага камаган. Кийин Алматы соту анын камактагы мөөнөтүн кыскартып, 29-июнда бошотулган эле.
