Добавить новость
123ru.net
World News
Декабрь
2020

Эл аралык космос бекетинин өткөөлүнөн сызылып чыккан абанын олуттуу коркунучу жок

0
Орбитадагы Эл аралык космос бекетинде абанын жылчыктан сызылып чыгуусу улантылып жатканын америкалык “НАСА” космос агенттиги билдиргенин “РИА-Новости” кабар агенттиги жарыялады. Бул көрүнүш эл аралык бекеттин Орусияга таандык “Звезда” модулундагы өткөөл камерада орун алууда.


Жекшембиге (27-декабрга) караган түнү экипаж командири, орусиялык космонавт Сергей Рыжиков камерага кетчү люкту жаап салды. 18 сааттан кийин алиги жабылган бөлүмдөгү аба басымы сымап тилкеси боюнча 730дан 620 миллиметрге чейин түшкөнү айгинеленди.




Саал мурдараак, 19-декабрда Эл аралык космос бекетиндеги азыркы экипаж бекеттин кайсы жагынан аба чыгып кетип жатканын аныктоого мүмкүн болбой жатканын, анын айынан кычкылтек кору азайып баратканын билдирген.

Аба сызылып чыгып жаткан болжолдуу жылчыкты табуу далаалаты бекетте август айынан бери жасалып келет. Октябрда болсо бул жылчыктын орду табылганы айтылган. 4,5 сантиметрдей жылчык жабылганы айтылган менен, абанын чыгышы дагы эле улантылып жатат.


Эл аралык космос бекетинен абанын анча-мынча сызылып чыгуусу 2019-жылдын сентябрында алгач байкалган. Бирок ал кезде бул маселе “НАСА” жана “Роскосмос” агенттиктери үчүн өзгөчө маанилүүдөй туюлган эмес. Быйыл август-сентябрда абанын сызылып чыгуусу беш эсе өскөн.




“Роскосмос” космос агенттигинин маалымдашынча, жылчык жалпы Эл аралык космос бекетине жана анын анын экипажына эч коркунуч туудурбайт. Азыркы тапта Жердеги адистер жылчыкты биротоло жабуу аргаларын издеп жатышат.

Эл аралык бекеттеги орусиялык бөлүмдүн учуусун башкаруу тобунун жетекчисинин орун басары Юрий Гидзенко 2021-жылдын февралында "Прогресс МС-16" жүк ташуу кемеси Эл аралык космос бекетине жаңы жүк жеткирмекчи, анын арасында мүшкүл пайда кылган өткөөл камеранын жылчыгын толугу менен жаап, герметизацияны биротоло калыбына келтирүүчү жабдуу да болот, деп билдирди.




Жаңы (2021-) жылы "Прогресс МС-16", "Прогресс МС-17” жана "Прогресс МС-18” жүк ташуу кемелери Эл аралык космос бекетин көздөй 15-февралда, 30-июнда жана 28-октябрда учурулаары жана эки күн ичинде бекет менен жалгашааары алдын-ала пландалганы кабардалды.


Учурда Эл аралык космос бекетинде 64-экспедициянын экипажы өз милдетин аткарууда. Анын командири – орусиялык космонавт, Орусия Федерациясынын Баатыры Сергей Николаевич Рыжиков.


Борт инженерлер: Виктор Гловер, Соити Ногути, Кэтлин Рубинс, Сергей Кудь-Сверчков, Шеннон Уокер жана Майкл Хопкинс.






2021-жылы март айында В.Гловер, С.Ногути, Ш.Уокер жана М.Хопкинстин ордуна Эл аралык космос бекетинде башка төрт астронавт – Меган МакАртур, Роберт Шейн Кимбро, Тома Песке (французча Thomas Pesquet) жана Акихико Хошиде иштей баштамакчы.




Бул экспедиция 2020-жылы 21-октябрда өз ишин баштаган. Анын үч өкүлү «Союз МС-17» космос кемеси менен келген, калгандары  америкалык ишкер Илон Маск түптөгөн «SpaceХ» компаниясынын «Crew Dragon» кемеси менен жеткирилген. Бул соңку кеменин жалгашуусу “НАСА” космос агенттигинин жеке менчик соода-сатык компаниясы менен кызматташуу программасынын алкагында алгачкы ирет жүзөгө ашырылды.




“SpaceX” компаниясынын «Crew Dragon» кемесинин алгачкы экипажы адаттагыдай 3 кишиден эмес, 4 кишиден тургандыктан, Эл аралык космос бекетиндеги узак мөөнөттүк 64-экспедициянын курамы да ар кыл өлкөлөрдөн келген 7 космонавттан куралып калды.




2021-жылдын март айында “SpaceX” компаниясынын космос кемесинин 1-экипажынын ордуна 2-экипаж келмекчи. Ал эми орусиялык "Союз МС-17" кемесинин 2021-жылдын 18-апрелиндеги учуусу менен байланыштуу узак мөөнөттүк 64-экспедициянын иши соңуна чыкмакчы жана кезектеги 65-экспедиция үчүн жол ачылмакчы.

 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net