Ош аэропортунун аймагында коюу туман тарап, учактар кабыл алына баштады
«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова Ошто аба майдандын аймагында туман тарап, аба ырайы турукташып калганын билдирди.
28-декабрда эртең менен коюу туманга байланыштуу аэропортко коно турган жана уча турган бир нече авиакаттамдар кармалган.
Учуу жана конуу түштөн кийин калыбына келди. (NT)
