«Азаттык» тасма тартып келген алыскы айылга жаңы мектеп курулмай болду
«Агай менен жолуктук. Салынбай турган мектептин курулушу бүтө турган болду. Мектеп техникалык жактан толук жабдылат. Балдарга компьютер сатылып алынат».
21-декабрда «Азаттыктын» «Данисте» телеберүүсүндө Нарын облусунун Жумгал районундагы Кең-Суу айылы тууралуу баяндалган. Анда айылда үйүн мектепке айлантып, балдарды окуткан мугалим Токтожума Стаханов жөнүндө көрсөтүлгөн.
Бул айылда электр жарыгы, оорукана да жок. Айыл эли өз аракети менен салып жаткан мектептин курулушу бүтпөй калган.
17 түтүн жашаган Кең-Суу айылы Жумгалдын Кабак айыл өкмөтүнө карайт.
Токтожума Стаханов иштеген мектепте башталгач класстын ондон ашуун окуучусу билим алат. Бешинчи класстан баштап алар окуусун башка айылдарга же шаарга барып улантканга аргасыз. (AiA)
