Баку Тоолуу Карабакта бир жоокери окко учканын билдирди
Расмий Ереван жана Тоолуу Карабактын де факто бийлиги билдирүүгө байланыштуу комментарий бере элек.
Армениянын Коргоо министрлиги мунун алдында Гадрут чөлкөмүндө кармаш жүрүп жатканы тууралуу кабарларды четке кагып, аймактагы армяндардын күчтөрү тынчтык келишиминин шарттарын аткарып жатышканын билдирген.
Москванын арачылыгы менен жетишилген келишим 10-ноябрда күчүнө кирип, алты жумага созулган салгылашууларга чекит койгон. Документке ылайык, азери армиясы кайтарып алган жерлер Бакунун карамагында калат.
Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандын бөлүгү деп тааныйт, бирок аймакты армяндар Еревандын колдоосу менен башкарып келатышат.
Аймак үчүн уруш 1994-жылы токтогону менен, ортодогу кагылышуулар маал-маалы менен уланып жатты.
