Factcheck.kg президенттикке талапкер болгондордун билдирүүлөрүн текшерет
Порталдын адистери талапкерлердин сөздөрүнө ыкчам реакция кылып, алардын айткандарын фактылардын, расмий булактардын негизинде текшеришет. Жыйынтыгы сайтка, социалдык тармактарга такай жарыяланып, саясатчынын кайсы сөзү чындыкка дал келбейт, кайсы сөзү туура экенин белгилеп турушат.
Буга чейин аталган сайт парламенттик шайлоого катышкан талапкерлердин билдирүүлөрүн текшерип, алар боюнча «чындык», «жалган» же «манипуляция» деген бүтүмдөрдү чыгарып турган.
Ошондой эле Кыргызстанда politmer.kg сайты саясатчылардын убадаларына мониторинг жасап келет. (SE)
