Шаардык сот Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруудан баш тартты
Жактоочунун айтымында, соттук отурум бүгүн, 28-декабрда болду. Натыйжада Ниязов тергөө изоляторунда 10-февралга чейин калтырылды.
Быйыл 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башаламандык үчүн шектүү катары кармалган Ниязовду Биринчи май райондук соту тергөө абагына камап, мындай бөгөт чарасынын мөөнөтүн 10-февралга чейин узарткан.
Адвокаттар Ниязов аянттагы башаламандыкты уюштурууга тиешеси жок экенин далилдеген видеолор бар экенин, тескерисинче, ал жабыркаган тарап болуп эсептелерин айтып жатышат.
9-октябрдагы окуя үчүн 10-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков да кармалып, алар кийин үй камагына чыгарылган. Мурдагы президенттин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген.
Милиция Ала-Тоо аянтындагы таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча иш козголгонун маалымдаган.
Ниязов Бишкектин №1 тергөө абагында отурат. Ал 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча да соттолууда. (RK)
