Хорватияда жер титиреди
Президент Зоран Миланович жана премьер-министр Андрей Пленкович Сисакка барып, жергиликтүү жашоочуларга колдоосун билдиришти. Жер титирөө кошуна Босния менен Герцеговинада да сезилди.
Балкан аймагында жер көп силкинет. Мартта Загреб ошондой жаратылыш кырсыгынан жабыркап, бир киши өлгөн, 27 киши жаракат алган.
