Республикачылар Трампты миллиондогон америкалыктардын түйшүгүн жеңилдетчү мыйзам долбооруна кол коюуга чакырууда
Бул мыйзам долбоору жумушсуздук үчүн миллиондогон америкалыктардын каржылык көмөк алуусу жаатында өкмөткө каражат табууга уруксат кылмак.
22-декабрда президент Трамп буга чейин АКШ Конгрессинин эки үйүндө тең жактырылган мыйзам долбооруна кол койбой турганын айтып, Конгресстеги далай саясатчыларды дендароо кылды.
Бул мыйзам долбоору коронавирус илдетинин айынан жумушсуз калган жана кирешесинин көрсөткүчү уруксат берген тургундарга ар апта сайын 600 доллар жөлөкпул төлөп туруу шартын да камтыйт.
Трамп болсо бул акча өтө аз, керек болсо ар бир америкалык 2000 доллар акча алышы керек деп билдирди.
Трампты мыйзам долбооруна кол коюуга үндөгөн республикачылардын арасында пенсилваниялык сенатор Пэт Туми да бар. Ал Трампка оболу мыйзам долбооруна кол коюп, андан соң жетишсиз жактарына кошумча каражат издөө орундуу болоорун, антпесе өлкө башаламандыкка кептелиши ыктымалдыгын эскертти.
Трамп 27-декабрдын кечинде “Твиттер” баракчасында коронавирус илдетинин кесепеттеринен чыгуу үчүн көмөк көрсөтчү мыйзам долбоору жаатында “дурус кабар” бар экенин гана кыйыр маалымдады. (TT)
