Шайлоо: талапкерлер үгүт иштерине 95 млн. сом сарпташты
Президенттикке талапкерлердин ичинен эң көп каражат Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна чогулду - 51 млн. 461 миң сом. Ал бул акчанын 50 млн. 439 миң 859 сомун чыгымдады.
Бабыржан Төлбаевдин банктык эсебине 14 млн. 224 миң 572 сом которулуп, 9 млн. 264 миң 488 сому шайлоо иштерине коротулду. Президенттикке дагы бир талапкер Имамидин Ташовдун фондуна 4 млн. 924 миң 600 сом топтолуп, 3 млн. 685 миң 510 сом сарпталды. Калган талапкерлердин эсебине 1 млн. сомдон 3 млн. сомго чейин каражат түшкөн.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык президенттикке талапкерлер шайлоо фонддорун ачышкан. Саясий жараяндагы бардык чыгымдар фонддогу каражат аркылуу гана каржыланыш керек.
Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. 18 талапкер 15-декабрдан бери үгүт иштерин жүргүзүп жатат. (BTo)
