БШК Аспеков жана Жунусбеков боюнча арызга байланыштуу ИИМге кайрылды
“Өзүбүз тактаганга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, биз укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Ички иштер министрлигине (ИИМ) кат жөнөткөнбүз”.
Премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырып берип, азыр президенттикке ат салышып жаткан Жапаровдун өкүлү Боршайкомго 23-декабрда кайрылып, Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбеков аттуу адамдардын Жапаровго расмий жана юридикалык тиешеси жоктугун, алар шайлоо штабынын кызматкери эместигин билдирген. Ошону менен катар Мощин алар Жапаровдун үгүт өнөктүгүн жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатышканын белгилеген.
Жапаровдун өкүлү өз арызында буга байланыштуу милицияга да кайрылганын, аларды жоопко тартууну өтүнгөнүн жазган.
"Азаттык" бул боюнча Аспеков менен байланышканда ал Жапаровдун шайлоо алдындагы үгүт иштеринин Чүй облусу боюнча координатору экенин, жогорудагы арыз тууралуу маалыматы жоктугун айтты.
Жунусбеков бул арыз анын маселеси БШКда каралып жаткан учурда жазылган болушу ыктымалдыгын билдирип, маселе чечилгенин айтты. Ал "Мегаком" ишканасынын жетекчисинин кеңешчиси катары президенттик шайлоо учурунда үгүт иштерине катыша алабы же жокпу деген маселе БШКда өткөн аптада каралып, анын пайдасына чечилгенин белгиледи. (RK)
