Добавить новость
123ru.net
World News
Декабрь
2020

АКШ элчиси Матраимовдорго байланыштуу иликтөөнү өткөн 18 айдын маанилүү окуясы деп атады

0
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу өткөн 18 айда Кыргызстанда болгон эң маанилүү окуя катары Матраимовдорго байланыштуу журналисттик иликтөөнү атады. Мындай пикирин 5-декабрда "Интерньюс" уюмунун журналисттерге "Умтулуу" сыйлыгын ыйгарган аземинде айтты. 


"Өткөн сыйлык тапшыруу аземинен бери акыркы 18 айда кайсы окуя Кыргызстандагы жаңылыктардын эң маанилүүсү болду? Шайлоо? Коронавирус? Революция? Жок.


Акыркы 18 айдагы эң маанилүү окуя – "Раим миллиондун" кылмыштуу империясы жөнүндө журналисттик иликтөө. Бирок ал эмне үчүн ушунчалык маанилүү?


Уюшкан кылмыштуулук Кыргызстанда Совет мезгилинен бери эле болуп келген жана өнүккөн. Бирок ал өткөн жылга чейин ар дайым көмүскөдө жашап келген. "Азаттык", KLOOP, OCCRP, "Factcheck.kg" жана ондогон социалдык медиа журналисттеринин тайманбас журналистикасы уюшкан кылмыштуулук жөнүндө коомдук талкууну баштады. Бул өкмөттү жооп берүүгө аргасыз кылды.


Бул кылмыштуу үй-бүлөнүн ач көздүгүнөн, күчүнөн жана кол тийбестигинен кыргыз коомчулугу жийиркенди. Алар бул кылмышкерлер кыргыз коомчулугундагы коррупцияны кантип күчөткөнүн көрүштү. Мурунку УКМК жана парламенттик комиссия иликтеп, бирок эч нерсе тапкан эмес", - деди элчи.


Ошондой эле Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу окуяларды сындады. Октябрь окуяларынан кийинки Убактылуу өкмөт Раимбек Матраимовду кармаганына, андан казынага 2 миллиард сом өндүрүү убадасын алып үй камагына чыгарганына токтолду. Башталышы жакшы экенин, бирок бул жетишсиз экендигин кошумчалады.  


"Бул Голливуддун мафия тууралуу киносуна окшоп кетти. Бирок сиз кино тасманын кандайча бүтөөрүн азырынча билбейсиз, - деди элчи. - Кинонун кандайча бүтөөрүн айтып берейин. Өкмөт кылмышкерлерди жоопко тартат. Бул аларды жазалайт. Бул алардын кылмыштуу уюмдарынын кыргыз элинин ырыскысын уурдоодон коргойт. Бул кылмышкерлердин сиздин балдарыңызды баңгизат менен ууландыруусуна жол бербейт. Бирок бул нерселер кайраттуу адамдар каршы чыкканда гана жасалат".


АКШ элчиси журналисттерге, жарандык активисттерге, лидерлерге ийгилик каалап, бул аракеттер АКШнын колдоосуна татыктуу экенин белгиледи. 


Журналисттерге "Умтулуу" сыйлыгынын тапшыруу аземи. Элчинин сөзү 21:45 мүнөтүндө башталат:




 


Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун ири коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгарган бир канча журналисттик иликтөөлөр 2019-2020-жылдары жарыяланды. Матраимов жана анын жакындары муну куру доомат экенин айтып келишүүдө. 


Парламенттик шайлоодон кийинки бийлик алмашуудан соң атайын кызмат Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.


Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу жана мамлекетке төгүп жаткан каражат тууралуу комментарий бере элек.


Финансы министрлиги 1-декабрда «Азаттыкка» маалымдагандай, бул аралыкта Райымбек Матраимов мамлекетке жалпысынан 647 миллион сом төктү. Өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду ноябрдын аягына чейин төгүп бере турган болгонун 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде билдирген. (SE)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net