Жалдагы көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, 20 киши эвакуацияланды
1-январда Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатындагы батирден өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрттү өчүрүүгө саат 17:54тө бир бөлүм, автошаты тартылып, саат 18:25те толук өчүрүлгөн. Үйдөн жалпы 20 адам эвакуацияланган. Буга чейин күбөлөр өрт 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыркагандар үчүн курулган үйдө газ баллон жарылганда чыкканын билдиришкен. Бул турак жайларда газ жок болгондуктан, жашоочулардын арасында газ баллон колдонгондор бар экени айтылган. Читать дальше...
