Москвада "Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча сот башталат
Москванын Экинчи округдук соту "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу кол салуу боюнча ишти 4-августта карай баштайт. Бу тууралуу мамлекеттик ТАСС агенттиги кабарлады. Сот процесси Москва шаардык сотунун имараттарынын биринде өтөт. Ишти үч судья карайт. Сотко чейинки угуу 21-июлда жабык өттү. Иштин документтери менен тааныш маалымат агенттиктери жазгандай, кылмышка шектүү төрт киши аларга каршы ишти токтотууну, дагы бирөө арачылар сотунун катышуусунда кароону өтүнгөн. Айыпталуучулар менен алардын адвокаттары... Читать дальше...
