Курулуш компаниялары куруп жаткан имаратты реестрге каттоого милдеттүү болот
Министрлер кабинети Кыргызстанда мүлк сатып алгандардын укугун коргоо үчүн салынып жаткан объектилердин курулушун көзөмөлдөө тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Акылбек Жапаров 21-ноябрда кол койгон. Токтом 2024-жылы 1-январда күчүнө кирет. Иштелип чыккан жобо адамдардын акчасын алып, көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктү куруп жаткан компаниялардын ишин аныктайт. Ишкана салып жаткан объектисин реестрге каттатпаса, үлүшчүлөрдөн акча чогултууга жана батирлерди сатууга тыюу салынат. Читать дальше...
