Ирандын сот системасынын башчысы дайындалды
Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өлкөнүн сот системасынын башчысы кылып Голамхосейн Мохсени-Эджеини дайындады. Буга чейинки башкы сот Ибрагим Раиси 18-июндагы шайлоодо Ирандын президенти болуп шайланган. 64 жаштагы ашынган диниятчы Мохсени-Эджеи Раисинин орун басары болуп иштеп келген. Аятолла Хаменеи жаңы башкы сотко акыйкат иш алып барып, коррупция менен күрөшүүгө чакырды. Ирандын мыйзамдарына ылайык, жогорку лидердин өлкөдө сот органынын башчыларын, аскер жетекчилерди дайындоого укугу бар. Читать дальше...
