Орус элин ойготкон Навальный
Орусияда оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына жана коррупцияга каршы акцияларга суука карабай мурда болуп көрбөгөн санда киши катышты. Байкоочулар нааразылыктын масштабы менен полициянын зомбулугун белгилешет. Элдин мындай жапырт нааразылыгы эмнеден кабар берет?
