Бурулайдын иши боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан отурумда Бурулай Турдаалы кызынын жана анын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Марс Бөдөшевдин ата-энелери айтышып, урушуп кетти.
Сотко катышып жаткан кабарчыбыз Айгерим Акылбекова кабарлагандай, сот аларды залдан чыгарууга аракет кылганына карабай отурум өтүп жаткан бөлмөдө чатакташуу он мүнөтчө созулду. Сакчылардын аралашуусунан кийин гана тараптар сыртка чыгышты.
Мунун алдында эле айыпталган Марс Бөдөшевдин досу, экинчи айыпталуучу Акмат Сейитов сотто көрсөтмө берди. Читать дальше...