Добавить новость
123ru.net
World News
Январь
2019

Валерий Кичин: Биз ойлогонубуздай оюн көрсөтө албай калдык

0
Футбол боюнча Азия кубогунун алкагындагы 1/8 финалдык беттеште Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары Кыргызстанды 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга өттү. Оюндан кийин Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “ак шумкарлар” жаман эмес оюн көрсөттү деген пикирин айтты.


- Биз пландагандай оюн көрсөтө алган жокпуз. Биз чабуулдарды пландаганыбыз менен коргонууда көп туруп алдык. Андыктан ушундай эсеп болуп калды...


Ошондой эле Кичин Азия кубогундагы Кыргызстандын командасына мындай баа берди:


- Биз мында биринчи жолу плей-оффто ойнодук. Мен ойлойм бул жакшы жетишкендик. Бирок, алдыга умтулушубуз керек. Биз оюнубузду жакшыртып, кийин 1/4 финал, 1/2  финалга аракет кылабыз.







Футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын 1/8 финалындагы оюну аяктады. Анда 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары утту. Беттеш Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайид” стадионунда 21-январда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталган.


Эки команданын беттеши курч мүнөздө жүрүп, кошумча убакыт дагы берилди. Кыргызстандык баяндамачылар футбол калысынын айрым чечимдерин сындап жатышат.


Оюнда алгач талаа ээлери эсепти ачып, 13 – мүнөттө кыргызстандыктардын дарбазасына гол киргизишти. Кийин 26-мүнөттө “Ак шумкар” командасы эсепти теңеп, ишенимдүү оюн көргөзүүгө өттү. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары оюндун 65-мүнөтүндө Кыргызстандыктарга дагы бир гол киргизгенге үлгүргөн. Бирок Кыргызстан оюндун акыркы 91-мүнөттүндө эсепти теңеп, калыс кошумча убакыт берүүгө аргасыз болду.


Бир саам тыныгуудан кийин 30 мүнөттүк кошумча тайм башталып, оюндун 103 – мүнөтүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” пенальтиде гол киргизди. Калыс кыргыз командасынын оюнчусу каршылашын атайын жөөлөп кулатты деген жүйө менен пенальти тебүүнү дайындаган.


Кыргызстандык баяндамачылар “ак шумкарлар” Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен тең тайлаша, жакшы оюн көрсөткөнүн белгилеп жатышат.







1/8 финалдык оюндар 20-январда башталып, андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. Ошентип, Кыргызстан кийинки беттештерге ойноого мүмкүнчүлүк ала алган жок.


5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун 1/8 финалында ойноду.


Буга чейин "ак шумкарлар" бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген болчу.


Алгачкы айлампада кыргыз футболчулары Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин менен таймашкан. Алар кытайлар менен корейлерден утулуп, филиппиндиктерди жеңген жана финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.







 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net