Орусиянын Магнитогорск шаарында теракт тууралуу эскертүү иликтенүүдө
Шаар бийлиги тургундарды чагымга алдырып дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
“Магнитогорскидеги мекеме-уюмдарга коюлган бомба тууралуу маалымат текшерилип жатат”, деп билдирди Федералдык коопсуздук кызматынын басма сөз борбору.
Магнитогорскидеги коопсуздук чаралары 31-декабрдан тартып күчөтүлгөн болчу. Ал күнү шаарда 10 кабаттуу үйдө болгон жарылуудан 39 кишинин өмүрү кыйылган.
Эртеси 1-январда жарылуу болгон үйдөн үч чакырымдай жерде “Газел” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, үч киши каза болгон. Бул окуялар үчүн өткөн аптада “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алып, бирок Орусия муну четке каккан.
Тергөө комитети көп кабаттуу үйдөгү жарылуунун башкы себеби катары мурдагыдай эле газ түтүгүнүн бузулушу каралып жатканын билдирген. (UE)
