Жаңы кодекс боюнча айыпка жыгылгандар сотко кайрылды
- Бизди “Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине каршылык көрсөткөн” деп айыппул салышты. Бирок иш жүзүндө мен аларга каршылык кылган эмесмин. Ошондуктан бул айыпка каршы Биринчи май райондук сотуна арыз берип атам, - деди Бактыбек Нуралы уулу.
Январдын башында күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 82-беренеси (“Коомдук тартипти сактоо милдеттерин өтөп жүргөн ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө”) менен митингде кармалган 21 жаранга 3000 сомдон айыппул салынган. Алар айыппулду бир ай ичинде төлөшү керек. Эгер аны белгиленген мөөнөттө төлөшпөсө, иши сотто каралат.
17-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылып митинг өткөрүшкөн. (BTo)
