«Golf Times» Виталий Люксту «Жигиттин гүлү» деп атады
Ал эми Катарда басылган «Golf Times» гезити кыргыз курамасынын өкүлү Виталий Люксту «Азия чемпионатындагы жигиттин гүлү» деп атап, анын мүнөзү жана келечеги тууралуу жазды.
Индияда, Бангладеште, Африкада, Филиппиндерде жарык көргөн бир нече англис тилдүү басылмалар да кыргыз футболчулары тууралуу баяндамаларын жарыялашты. Маселен, Нигерияда чыккан «Vanguard» гезити «Мууздалган эчкини ары-бери ыргытып ойногон кыргызстандыктар Азия чемпионатын таң калтырды» деген тема кыргызстандык футболчуларынын оюндарын талдаган. Макалаларга серепти бул жерден окуңуз.
Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталган Азия биринчилиги 1-февралда аяктайт.
