Басма сөз катчылар чыр-чатакты басаңдатууну үйрөнүп жатышат
Бирикме аны Европа Биримдигинин каржылык көмөгүндө "Internews" уюму ишке ашырып жаткан "Борбор Азияда тынчтыкка жана туруктуулуккка салым кошуу" долбоорунун алкагында өткөрүүдө. Окуу учурунда катышуучуларга Кыргызстандык журналисттердин этикалык кодекси жазылган китепче да таратылды.
"Журналисттер" коомдук бирикмесинин башчысы Марс Төлөгөнов билдиргендей, тренингдин экинчи этабы февралга пландалган.
-Мунусу теория болду. Экинчи этабында ушул эле катышуучулар тажрыбайлык сабактардан өтүп, видео, фотослайддарды жасоону үйрөнүшөт.
Бул өңдүү окутуулар 2018-жылы да болгон. (SE)
"Чыныгы журналист кандай болушу керек?" деген суроонун алкагында тартылган ролик:
Кыргызстандык журналисттин этикалык кодекси тууралуу видео:
