Тажикстанда тик учак аскага урунду
Борттогу 13 альпинист жана экипаждын үч мүчөсү аман экени кабарланды. Бирок алардын абалы кандай экени так белгисиз.
Окуя жекшембиде, жергиликтүү убакыт боюнча 16:30да, тик учак Исмоили Сомони чокусуна чыгып келген альпинисттерди Фортамбек мөңгүсүнө алып бараткан маалда болгон.
Исмоили Сомони - Тажикстандагы эң бийик чокулардын бири. Бийиктиги – 7495 метр.
Айрым маалымат каражаттары альпинисттердин арасында Орусиянын, Беларустун жана Испаниянын жарандары бар экенин жазып чыгышты. Бирок бул маалыматты расмий мамлекеттик органдар тастыкташа элек.
