Бишкекте I’m Nomad деген аталышта жаштар форуму өтөт
Бишкекте "I’m Nomad" ("Мен - көчмөнмүн") деген аталышта жаштар форуму өтөт. 22-июнга белгиленген иш чара быйыл күзүндө өткөрүлө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоо максатында уюштурулууда. Ага шоу-бизнестин 50дөн ашуун өкүлдөрү, социалдык тармактардын жылдыздары жана 500дөй конок катышат.
Борбор Азиядагы Америка университетинде өтө турган форумду Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы уюштурууда.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үстүбүздөгү жылы 2-8-сентябрда Ысык-Көл кылаасында өтөт. 80 мамлекеттен келе турган үч миңдей спортчу элдик спорттун 36 түрүнөн таймашка чыгары кабарланган. Мелдештерди чагылдырууга 50 мамлекеттен 500дөй журналист келүү ниетин билдирген.
Бул эл аралык оюндардын ирегесинде Эл аралык Туруктуу Алтай таануу Жыйынынын (ПИАК) 61-отуруму Бишкекте жана Чолпон-Атада өткөрүлмөкчү. Бул кадыр-барктуу чыгыш таануу шеринесинин башкы темасы да Борбордук жана Ички Азиядагы көчмөндөрдүн элдик оюндарынын келип чыгышы, өнүгүшү жана сакталышы, азыркы салттары тууралуу болмокчу.