Главные новости Владивостока
Владивосток
Ноябрь
2021

Журтташтар: шайлоодо Италиядагы жарандар активдүү

0
Журтташтар: шайлоодо Италиядагы жарандар активдүү

Парламенттик шайлоого чет жактагы бир жарым миллиондой мекендештердин 84 миңдейи добуш берүү үчүн каттоодон өтүп, биометрикалык маалыматтарын тапшырган. Бул жолу жаңы добушканалар АКШнын Чикаго, Нью-Йорк, Италиянын Рим, Кальяри жана Түркиянын Анталия, Орусиянын бир катар шаарларында ачылды.

Түштүк Кореяда добуш берүү жыйынтыкталды

Түштүк Кореяда добуш берүү жыйынтыкталды. Быйыл Сеулдагы консулдуктагы каттоодон 1651 кыргызстандык өтүп, биометрикалык маалыматын тапшырган. Ал жактагы шайлоо комиссиясынын төрагасы Эмил Калиловдун айтымында, каттоодон өткөндөрдүн 10% гана добуш беришти.

"Добуш берүү бекетин жаптык. Шайлоо жакшы маанайда өттү. Тилекке каршы, жарандарыбыздын көпчүлүгү келе алышкан жок. 144 жаран добуш берди. Бул эми коронавирус чектөөлөрүнө дагы байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондой эле жарандарыбыздын көбү башка шаарларда завод-фабрикаларда иштешет. Алыстыктан улам алар келе албай калышты окшойт".

Добуш берүү Орусиянын Ыраакы Чыгышында дагы жыйынтыкталды. Быйыл Хабаровск шаарында алгачкы жолу добуш берүү бекети ачылган. Консулдуктагы каттоодон 250дөй жаран өткөн.

"Катталган жарандардын 45% өз тандоосун жасашты. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө Хабаровск шаарындагы кыргызстандыктар абдан эле кубанышты. Анткени буга чейин бизден 800 чакырым алыстыктагы Владивосток шаарына барып добуш берүүгө аргасыз болушчу. Ал жакка барууга көбүнүн мүмкүнчүлүгү да жок эле",-деди шайлоо бекетинин төрагасы Алтын Мырзабаев "Азаттыкка".

Чет жактагы журтташтар алдыдагы парламент кандай болушун, кандай депутаттар келишин каалашат? Бул сурамжылоодон көрүңүз:

 

Италиянын Сардиния аралында активдүүлүк жогору

Европа мамлекеттериндеги добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча эрте менен саат сегизде ачылды. Быйыл Италияда жашаган журтташтарыбыз бир эмес, эки шаарда добуш берүү укугуна ээ болушту. Шайлоо бекеттери Кыргызстандын Римдеги элчилигинде жана Сардиния аралынын борбору Кальяри шаарында ачылды.

Кальяриде ар кандай маалымат боюнча эки миңдей кыргызстандык бар. Алардын бири Миргүл Өмүралиева шайлоого жарандар активдүү катышып жатканын байкаган.

"Өзүм добуш берүү үчүн бир сааттай кезекке турдум окшойт. Анткени, бул жерде бир чети пандемия эрежелеринен улам, добушкананын ичинде көп адам топтолууга болбойт. Экинчиден, шайлоого келгендер абдан көп. Жумуштан суранып келгендер бар экен, аларды биринчи кое бердик. Кээ бирөөлөр өзүлөрү баккан чал-кемпирди кошо жетелеп келишиптир. Арал аябай чоң болгондуктан, айрымдары поезд, такси, автобус менен атайын келип жатышат. Активдүүлүк жакшы. Менимче жүздөй киши түшкө чейин эле добуш берип койду. Дагы кечке чейин көп эле келишсе керек".

Ошондой эле Кыргызстандын Рим шаарындагы элчилиги расмий ачылганы кыргызстандыктар алгачкы ирет добуш берип жатышат. Ал жактагы шайлоо комиссиясынын төрайымы Назгүл Төлөбаеванын айтымында, түшкө чейин жыйырма чакты гана адам өз тандоосун жасаган.

Германияда коронавирустун жайылуусу күч алгандыктан, чектөөлөр катаалдашкан. Мындан улам жарандардын катышуусу аз болуп калабы деген кооптонуу бар экенин Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Чынара Токталиева билдирди. 

Парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде 59 добушкана ачылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 18:00дөгү маалыматына караганда, 84 128 шайлоочунун 6 609у же 7,86% добуш берди.

Добушканалардын көпчүлүгү Орусиянын аймагында жайгашкан.  Буга чейин Түштүк Сахалин, Владивосток, Иркутск аймактарында жана Жапониядагы шайлоо участокторунда добуш берүү аяктаганы кабарланган.

 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.






Загрузка...


Губернатор Приморского края Олег Кожемяко
Москва

Москва-Пекин. Собянин в Китае подписал соглашение о сотрудничестве


Спорт в Приморском крае
Приморский край

Сергей Иванов объяснил, почему Единая лига отклонила заявку «Динамо» из Владивостока


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Саснович победила на старте квалификации турнира WTA-500 в Берлине


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в Приморском крае
Приморский край

Браконьеры во Владивостоке словили полтонны морского гребешка





Путин в Приморском крае
Приморский край

Путин подписал указ "О награждении государственными наградами Российской Федерации"


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в Приморском крае


Здоровье в Приморском крае


Частные объявления в Владивостоке, в Приморском крае и в России






Загрузка...

Загрузка...



Metallica

Группа Metallica даст виртуальный концерт в Fortnite 22 июня



Владивосток

Волна агрессии со стороны мигрантов к коренному населению превращается в цунами.

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net