Главные новости Терека
Терек
Декабрь
2021
1 2 3 4 5 6 7
8
9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23 24 25 26 27 28 29 30 31

Чаткалда алтын казган ишканага нааразы болгондор жол тосушту

0
Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Терек-Сай айылындагы “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын жумушчулары жана жергиликтүү тургундар компанияга нааразы болуп жол тосушту. Акимдин айтымында, 12-декабрда алар ишкананын үч айдоочусунун жумуштан алынганына жана “экологиялык талаптар сакталбай жатат” деп нааразы болуп топтолушкан. Учурда жол ачылып, чогулгандар тарап кетишти.


“Чоң жүк ташуучу машиненин үч айдоочусун жумуштан кетиришкен. Алар талаптагыдай иш алып барбаганы себептүү иштен алыныптыр. Ошонун негизинде жумушчулар нааразы болуп чыгышыптыр. Ал компаниянын ички иши. Андан сырткары тургундар экология боюнча нааразы болушкан. Белгилүү болгондой жолдогу чаң сапырылат. Талаптар угулду. Тийиштүү жерге тапшырма берилип, аткарыла турган  мөөнөтү белгиленди. Элдер тарап кетишти”, - деди аким.


Нааразычылык акциясына байланыштуу “Эти Бакыр Терексай” ишканасы дагы билдирүү таратты. Анда 12-декабрда Тереккан карьерине баруучу жолдо ишкананын үч айдоочусуна жол эрежесин бузганына байланыштуу сөгүш жарыяланганы айтылат.


“Бул кызматкерлердин нааразычылыгын жаратып, жетекчилик компаниянын жол эрежесин бузган айдоочуларынан жүк ташуучу унаалардын ачкычын тапшырууну суранды. Эреже бузган жумушчулар башка тургундарды чогултушуп, ошол эле күнү саат 14:00дөн кийин “Эти Бакыр Терексай” ишканасына жана башкы кеңсеге баруучу жолду тосушту.  50гө жакын адам жол кыймылын токтотуп, компаниянын кызматкерлерин жумуш орундарына киргизбей коюшкан”, - деп айтылат билдирүүдө.


Ишкана 13-декабрда Чаткал райондук администрациясынын, Терек-Сай айыл аймагынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, түзүлгөн кырдаал талкуулананын билдирди.  Экологиялык дооматтар боюнча маалымат берген жок.


Кыргызстанда экологияны бузуп жатат деген негизде кен иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыккан учурлар көп. Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука райондорунда кен казган компанияларга каршылык көрсөтүү, тополоң менен коштолгон окуялар орун алган.


"Азаттык" Чаткал районунда алтын казган "Эти Бакыр Терексай" жана "Вертекс Голд Компаниге" байланыштуу чыр-чатак, сын-доомат жана нааразылыктын чоо-жайын иликтеген. (TSh)




 





Загрузка...


Глава Кабардино-Балкарии Казбек Коков

Спорт в Кабардино-Балкарии

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в Кабардино-Балкарии




Путин в Кабардино-Балкарии

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в Кабардино-Балкарии


Частные объявления в Тереке, в Кабардино-Балкарии и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net