Жети-Өгүздө өрүк фестивалы башталды
“Өрүк Fest 2018” фестивалы жергиликтүү бийликтин демилгеси менен уюштурулуп, дыйкандардын эмгегин даңазалоону максатын көздөйт. Анда өрүктөн жасалган бардык азыктар, как, кыямдан тартып өрүк кошулган самынга чейин көргөзүлүп, мастер-класстар уюштурулат.
Эки күнгө созула турган фестивалга 3 миңден ашуун адам катышат деп күтүлүүдө. Ага өрүгү менен таанылган Баткенден жана коңшулаш Тажикстандан да дыйкандар катышат. Жармаңке, мастер-класстар, оюндар, көргөзмөлөр жана конкурстар уюштурулат.
Өрүк фестивалы 2016-жылдан бери өткөрүлүп, салттуу иш-чарага айланды.(ErN)
