Чаткал: Кен компаниялары куруп берген суу түтүктөрү керектен чыкты
Анын айтымында, Коргон-Сай айылына 2016-жылы таза суу чыгаруу үчүн элдин суранычы менен “Чанач” кен казган компаниясы 1,8 млн. сом каражат берген. Кийин ал сумма жетпей калгандыктан былтыркы жылы райондун өнүктүрүү фондунан дагы кошумча 2 млн. сом бөлүнгөн.
- Айыл ичине чыгарылган таза суунун түтүктөрү жарылып, колонкалары сынып калды. Райондун акими эл менен жолугушканда "өз көзөмөлүмө алып бүтүрөм" деп убада берген, - деди Муратбеков.
Ушундай эле абал Башкы-Терек айылында. Былтыр 16,7 млн. сомдук курулуш аяктаганы менен таза суу айылга жетпей калды.
Жергиликтүү тургундар буга эч ким жоопкерчилик албай жатканын айтууда.
Чаткал районунун акиминин орун басары Жуманалы Накетаев таза суу долбоору чарбалык эсеп боюнча ашар жолу менен курулгандыктан сметалык долбоорлору түзүлбөгөнүн айтты. Анын сөзүнө караганда, кемчиликтерди жоюу боюнча курулуш жүргүзгөн фирмаларга тапшырма берилди.
Коргон-Сай жана Башкы-Терек айылдарында биригип 210дон ашык түтүн эл жашайт. (RsK)
