Жекшенкулов: 17-майда Москвадан Бишкекке учак уюштурулуп жатат (аудио)
«Ал комиссияны диаспоранын өкүлдөрү жетектейт. «Коррупциялык иштер болду» деген ар кандай кеп болбошу үчүн комиссия түзүлдү. Ага штабдын мүчөлөрү да кирет. Орусияда элчиликке жүрөгү, бөйрөгү, ашказаны ооругандар, операцияга келгендер, өсмө оорусу барлар көп кайрылган экен. Булар тизмеге киришин комиссия карайт. Экинчи кош бойлуу аялдар, кичинекей балдары бар аялдар кирет. Ушулар менен эле толуп калат го деп ойлоп жатабыз», - деди Жекшенкулов.
Элчи Орусия чоң учак берип калса көптөн бери мейманканада жаткандарды, Оренбург, Соль-Илецк аймагындагы кыргызстандыктарды да алып кетүү аракети болорун кошумчалады.
Ушул күндөрү Орусияда жүздөгөн кыргызстандыктар мекенине келе албай турушат. Айрымдары автобус жалдап жолго чыккан, бирок автобуста жүрүүгө уруксат берилбегендиктен, алар орус-казак чек арасына чейин жөө жөнөшкөнүн кабарлашууда. (TSh/LzT)
