Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Пресс.kg
Декабрь
2023
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Аалам №90, 30.12.08.

0

 «Аалам»-пресс УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР! Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан алдыда келе жаткан...

The post Аалам №90, 30.12.08. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

 «Аалам»-пресс

УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!
Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан алдыда келе жаткан жакшы жышаан, жаркын маанай Жаңы жыл майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Жаңы жыл босогосунда туруп, өлкө турмушундагы орчун окуяларга көз салып көрсөк, 2008-жыл Кыргызстан тарыхындагы чоң өзгөрүү, зор сыноо мезгилинен болуп калгандыгын баамдайбыз. Өлкөнүн коомдук, саясый, экономикалык, социалдык жана маданий турмушунда келечек муундар тарабынан туура баалана турган көптөгөн тарыхый саамалыктар жаралды.
Эл ичинде Жогорку Кеңеш да бийлик бутагы, өкүлчүлүк органы катары Жогорку Кеңеши бир жыл аралыгында ири көлөмдөгү иш аткарууга жетишип отурат: анын 79 жыйыны өткөрүлүп, анда 368 мыйзам долбоору каралуу менен, 341 мыйзам кабыл алынган. Ушу тапта КР Президенти тарабынан 262 мыйзамга кол коюлду. Бул 2007-жылга караганда 166 мыйзамга көптүк кылат.
Албетте, алардын арасында Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон биркатар ченемдик актылар да бар. Айрыкча, жакында эле кабыл алынган үч жылдык республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзам тарыхый орчун окуялардан болуп калды десек эч жаңылышпайбыз. Анткени, биз баарыбыз байгер өлкө келечегин түптөп жатабыз. Муну эгерим эстен чыгарбоого тийишпиз.
Акыркы жылдары калкыбыздын турмушу бир калыпка түшүп, саясый абал турукташа баштады. Буюрса, кыргыз парламенти да мындан ары өз ишин ишенимдүү илгерилетүү менен, шайлоо маалында берген убадаларынын өтөөсүнө чыгат. Жалпы элибиздин тилеги да дал ошондой экендигин биз жакшы билебиз.
Жаңыдан күндарегин ача баштаган жылда жалаң жакшылык жылоолоп, алдыга койгон ой-максаттарыңыздар ишке ашсын. Кыргызстан келечекте чыныгы демократия жолуна түшүп, телегейи тегиз өнүккөн мамлекеттердин көчүнө кошула тургандыгына ишенебиз. Анткени, ачык коомдо заманбап жашап, бактылуу болуу — ар жарандын эң баштапкы мүдөөсү. Биздин баардык аракетибиз да мына ошого багытталган.
Урматтуу мекендештер, баарыңыздарга бардар турмуш, бакубат жашоо, чың денсоолук, иштериңиздерде албан-албан ийгиликтерди каалайм.

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Айтибай ТАГАЕВ


Академик Ильгиз Айтматов:
«Аалам» газетасынын эмгек жамаатын жана жалпы окурмандарын 2009-Жаңы жылы менен чын дилимден куттуктайм! Жаңы жыл жалпы кыргызстандыктарга ырыс-ынтымак, тынчылык жана бакыбат жашоо апкелсин!


Темир Сариев,»Акшумкар» саясий партиясынын лидери:
Урматтуу Замандаштар!
Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Жаңы жылда жаңы тилектер, жаңы максаттар коюлат эмеспи, өтүп бараткан жылдагы жакшылыктардын баардыгы келээрки жылда улансын. Жаңы жыл баарыбызга бакубатчылыкты алып келсин, илгери үмүттөрдүн баары ишке ашып, келечекке болгон ишенимибиз бекемделип, дайыма жана ар-бир ишибизди ийгилик гана коштоп жүрсүн. Биз Сизге тынчтык, бакыт, чын ден-соолук, кажыбас кайрат каалайбыз.


«Жумуш убагында жүктөп барып добуш бердиргени жатышат»
«Демократия жана граждандык коом үчүн» коалициясы ушинтип билдирип чыкты. «Кыргызстандагы өтө турган шайлоолор жумушчу күндөрүнө белгиленген. Мунун өзү өз эркиң менен добуш бердирбей көзөмөлгө алууга шарт түзөт. Шайлоо — бул граждандын өз эрки, баргысы келбесе — барбайт. Биздин шайлоо системабызда орун алган жумушчу күнкү шайлоо — бул административдик ресурсту колдонууга, буга чейин аскерлерди строй менен алпарып добуш бердирсе, эми мамкызматтагылар менен студенттерди стройго тизгени жатышат». Бейөкмөт уюмдун «безилдегенинин» жөнү бар. 2009-жылдын 19-23-январь күндөрүндө биркатар айыл өкмөттөрүн, бирнече шаардык администрация башчыларын шайлоо өткөрүлөт. Акүй «айткандын оозу жаман» деп жаман көз менен карап тим болушат го…


Токтогул суу сактагычына суу толбой атат, туугандар
Бүгүнкү күнгө башкы суу сактагычтагы суунун көлөмү — 8 млрд 415,56 млн кубометрди түздү. Өйдөдөн агып түшүп жаткан суу көлөмү — секундуна 151 кубометрди түзсө, ал эми электр үчүн чыгымдалып сыртка агызылып жатканы — секундуна — 447 кубометр! 2007-жылдын 30-декабрында Токтогулда суу көлөмү 11 млрд 190 млн куб болчу. Салыштырыңыз. Азыр Бишкек, Ош ТЭЦтерине ашкере күч келип жатат. Катуу чыңалууда иштөөдө. Эгер өйдөдөн түшкөн суу көбөйбөсө, электр уурулар азайбаса, жазда элге да, Акүй, Көкүйгө да кыйын болору турулуу…

«Аалам»-пресс


Г.А.Чесноков «Акыл» Банктын ээси эмес
«Аалам» газетасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы №87-санына «Акыл» банктын ээси орус» аталыштагы маалымат берилген.
Маалымат чындыкка дал келбейт жана КР Улуттук Банкынын ишине, анын Төрагасынын ишкер катары кадыр-баркына шек келтирет.
Банктарды реабилитациялоо маселеси КРнын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндөгү» «Банкроттук жөнүндөгү» жана «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөгү» ж.б. мыйзам актылары тарабынан жөнгө салвнат.
«Акыл» ИАКБсын реабилитациялоо тууралуу чечим 2008-жылдын 17-январында Бишкек ш. райондор аралык соту тарабынан кабыл алынган.
Г.А.Чесноков учурда «Акыл» ИАКБсынын башчысы болуп эсептелбейт, ал банкты реабилитациялоо процессинде DEBRA тарабынан 2008-жылдын 3-мартында өткөрүлгөн тендердин жеңүүчүсү катары акциялар пакетин сатып алган (б.а. банктын карызы төлөнгөн) банктын акционери болуп эсептелет. Тендерге банк банкротту реабилитациялоо планын, анын ичинде банктын карыздарын төлөөнү да иш жүзүнө ашырууга даяр болгон каалаган адамдар катыша алмак. Соттун чечиминин жана тендердин жыйынтыгынын негизинде, «Банктарды лицензиялоо жөнүндөгү» Жободо чагылдырылган тендердин минималдуу талаптарына жеңүүчүнүн дал келүүсүн эске алуу менен Улуттук Банк «Акыл» ИАКБсынын лицензиясын калыбына келтирген жана акцияларды сатып алууга мүмкүндүк берген».
КРнын Улуттук Банкынын Башкармалыгынын мүчөсү Конокбаев С.С.

Редакциядан : «Аалам» газетасы ким болбосун, кайсыл мекеме-ишкана болбосун, дайыма кызматташканга даяр. Газета ким болбосун, ири чиновникпи, жөнөкөй жаранбы, анын ой-пикирине урматтоо менен мамиле жасайт. Жогоруда УБ өкүлү С.Конокбаев мырзанын да пикирине орун бергенибиз да ушул принциптин, журналисттик этиканын алкагында жасалып жаткан иш. Республиканын жооптуу кызмат орундарына ким гана дайындалбасын, бизге анын кай улуттун өкүлү экендигинин мааниси жок, эң негизгиси, жүктөлгөн ишти жоопкерчилик менен тартып кеткени биринчи орунда турат. Экинчиден, Г.А.Чесноков банкты реабилитациялоого жарыяланган тендердин жеңүүчүсү катары акциялар пакетин бүт сатып алган болсо (Конокбаев С.С. Г.Чесноковдун канча акция сатып алганын көрсөтпөйт, бул балким коммерциялык сырдыр, түшүнөбүз) анда Чесноковду кожоюн дебегенде кимди кожоюн дейбиз? Банктын карызы төлөнгөн деп Конокбаев мырза өзү жазып жатпайбы? РФ жараны дешкен Чесноков мырза өзү кожоюн болбогон күндө да банктын жаңы башчысы, сыйпалатпай түз айтканда, анын таасири астындагы кишилердин бири деп айтсак болобу? Бизди дегеле Чесноков башчы болобу, башка кишини коебу, ал жагы түк кызыктырбайт. Анын Банк ээси экени же катардагы акционер экени да маанилүү эмес, андан кыйкым издебейбиз. Ал эми Чесноковдун Баш банкир Алапаевдин досу экенин жазганыбыз анын кадыр-баркына кандай так келтирип жатканын түшүналбай турабыз. Досу болсо досу болгондур, анын эмнеси бар экен? Же досу десе УБ төрагасынын кызматтык беделине доо кеткидей, Г.А.Чесноков кандайдыр бир шектүү кишиби? С.Конокбаев мырза анчалык болду, буга да түшүндүрмө шилтей кетсе болмок экен. Баса, Чесноковдун ордунда башка киши болгондо деле, реакция ушундай чапчаң болмокпу, ким билет…

The post Аалам №90, 30.12.08. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день


Спорт в России и мире
Москва

Личка — о самой дорогой покупке в Москве: два дня назад решил купить самокат за 60 тысяч рублей


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Даниил Медведев

Медведев сыграет с Бубликом в Мадриде 


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве заметили первый в России электромобиль Tesla Cybertruck





Путин в России и мире
Москва

Дугин в интервью Такеру Карлсону: "Путин — это традиционный лидер"


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил о желании построить в Белоруссии вторую АЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Генсек НАТО прибыл в Киев: главные заявления Столтенберга и Зеленского


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Пётр Чайковский

В Клину состоится праздничная программа в честь дня рождения Чайковского



Москва

Олигархи с Рублевки высказались о возвращении Чулпан Хаматовой в Россию

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net