Майлуу-Суу: быйыл жылуулук маселеси кандай?
Бир жыл мурун Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаары жылуулуксуз калган. Катуу суууктан улам жылуулук системасы иштен чыгып, шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Калаа тургундары 20 күндөй жылуулуксуз жапа чеккен эле. Ал учурда өкмөт бул калаадагы жылуулук системасын оңдоону убада кылган.