Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Декабрь
2020

БУУ комитети кыргызстандык аял убактылуу кармоочу жайда дискриминацияга кабылган деп тапты

0
БУУ комитети кыргызстандык аял убактылуу кармоочу жайда дискриминацияга кабылган деп тапты

Бириккен улуттар уюмунун Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитети кыргызстандык жаран Роза Горбаева абакта дискриминацияга кабылган деп тапты.

Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалициясы бейөкмөт уюму билдиргендей, комитет Горбаеванын арызы боюнча 1-декабрда чечим кабыл алган. Кыргыз тарапка аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча бир катар сунуштарды берди.

Анда дискриминациядан жабыркаган  Роза Горбаевага келтирилген зыян үчүн каржылык компенсация төлөө,  абактарда отурган аялдардын медициналык жардам алышын камсыз кылуу,  аларга тазалык үчүн керектүү каражаттарды берүү, шарттарды жакшыртуу, соттолуучулардын өздөрүнө карата катаал мамилелер тууралуу арыздарын натыйжалуу иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоо, түрмөдөгү аялдарды атайын даярдыктан өткөн аял кызматкерлердин гана текшеришин камсыздоо боюнча талаптар бар. 

Кыйноолорго каршы коалициясы бейөкмөт уюмунун маалыматына караганда, жашы ортолоп калган Роза Горбаева адам чыдагыс шарттагы  убактылуу кармоочу жайларда үч жыл отурган.  Ал эркектердин көзүнчө душка түшүп, чечинип-кийинүүгө аргасыз болгон. Горбаева кармалган камера болгону 2х3 метрлик, ошонун ичинде эле ажааткана жайгашкан жана эч кандай тосмого алынган эмес.  Камерада кармалгандар ошол жерде эле тамактанып, дааратканага барып жүрүшкөн. 

Укук коргоочулар Горбаева күнөөсүз ишке айыпталып, адам чыдагыс шартта үч жыл бою отурган деп эсептешет. 

 Ал кыйынчылыктарга карабай Жалал-Абад шаарындагы "Акыйкаттык" укук коргоо уюмунун адвокаттарынын жардамы менен БУУнун тиешелүү комитетине арыз менен кайрылган. 

Аталган укук коргоо уюмунун адвокаты Сардор Абдухалилов  Роза Горбаеванын убактылуу кармоочу жайларда кармалышы анын адамдык намысына шек келтиргенин жана дискриминациялык мүнөздөгү катаал мамилеге тете болгонун билдирди. Анын айтымында, жакын арада БУУнун комитетинин чечиминин негизинде компенсация өндүрүү боюнча сотко арыз берилет. 

Бул - Кыргызстанда аялдардын дискриминацияга кабылганы эл аралык деңгээлде таанылган биринчи учур болуп калды. Укук коргоочулар кыргыз өкмөтү комитеттин бардык сунуштарын эске алып, аракеттерди көрөт деген ишенимин билдиришти.  

ИИМ бул билдирүүлөр боюнча комментарий бере элек. Негизи Кыргызстанда убактылуу кармоочу жайлардагы шарттын өтө начар экени коомчулукта көп айтылып жүрөт. (NT)






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день


Спорт в России и мире
Москва

«Спартак» обыграл «Рубин» в последнем домашнем матче Джикии


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Теннисист Медведев может потерять свое место в рейтинге ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В парке на востоке Москвы нашли тело школьницы





Путин в России и мире
Москва

Политолог Ткаченко: Визит Путина в КНДР усилит коммуникацию Москвы, Пхеньяна и Пекина


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Независимая политика Венгрии привела в ярость США


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Наташа Королёва

Королева прервала молчание после скандала с эфиром и позвала на свой концерт



Москва

Испанский стыд: Мадрид вывел своих военных из Мали

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net