Жээнбеков Путинди куттуктады
Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын башчысы Владимир Путинди Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.
3-июлда эки жетекчи телефон аркылуу сүйлөшкөнүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады:
«Ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыктарды камтыган кызматташуу маселелери талкууланды. Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди».
1-июлда Жээнбеков Путинге добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшүнө карата куттуктоо телеграммасын жөнөткөн.
Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча бир жумалык добуш берүү жыйынтыкталды.
Жалпысынан Кремль добуш берүүнү «Путинге ишеним көрсөтүүнүн триумфалдык жыйынтыгы» катары баалап жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 78% Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн, 21% каршы добуш бергенин жарыялады.
Оппозиция бул ирет добуштар мурда болуп көрбөгөндөй жапырт бурмаланганын билдирүүдө. Анын өкүлдөрү Путинге 2024-жылдан кийин да эки жолку президенттик мөөнөттү камсыз кылган бул конституциялык өзгөртүүлөрдү башынан мыйзамсыз деп таанууга чакырып келишкен. (RK)