Жоогазын тартуулаган үмүт
Грузияда көз жоосун алган жоогазындар дарыгерлер менен коронавируска чалдыккан бейтаптарга тартууланды. “Азаттык” радиосунун грузин кызматы чукул кырдаалдан улам базарлар жабылып, Како аке өз колу менен өстүргөн жоогазындарын кантип сатам деп санаа тартып турганын баяндаган видео жарыялаган. Мындан соң социалдык медиада атайын өнөктүк башталган.