Подмосковье: авариялык жагдайда конгон учакта 23 адам жабыркады
Авикомпания кырсыкты учактын кыймылдаткычына чымчыктар кирип кеткени менен байланыштырды жана анын айынан кыймылдаткычтардын биринде өрт чыкканын билдирди. Учак Москвадагы Жуков аэропортуна Орусия аннексиялап алган Крымды көздөй учуп бараткан.
Кырсыктаган учактын заводдон чыкканын 16 жыл болгон. «Урал авиалиялары» аны 2011-жылдан тартып пайдаланып жаткан.
Орусиянын Тергөө комитети бул окуяга байланыштуу «учуу коопсуздугунун эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу чукул кырдаалда «укмуштуудай чебердик жана чыдамкайлык» көрсөткөнү үчүн учактын экипажына ыраазычылык билдирди.
