Актөбөдө күйгөн автобустун айдоочулары абакка кесилиши мүмкүн
Айдоочулар “өрт коопсуздугун сактабай адам өлүмүнө себепчи болгон”, ал эми компаниянын кызматкерлери “техникалык жактан жараксыз унааны коммерциялык каттамга чыгарган” деген негиз менен сот жообуна тартылууда. Беш айыпталуучу тең күнөөсүз экенин айтып жатышат.
Быйыл 18-январда Казакстандын Чымкент калаасынан Орусиянын Самара шаарына бара жаткан автобус орто жолдо күйүп кетип, андагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү каза тапкан. Алардын дээрлик баардыгы Өзбекстандан Казакстан аркылуу Орусияга бараткан эмгек мигранттары болгон. Бул иш боюнча сот 3-сентябрда башталган.
