Главные новости Кызыла
Кызыл
Февраль
2021

Шарабидин Капаров "узаконил" свои коррупионные преступления незаконными судебными решениями

0
Шарабидин Капаров

КР Президенти, КР Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан 

АРЫЗ

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш. Капаров мыйзамсыз баюу максатында көптөгөн коррупциялык схемалар тузуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Бирок, тергөө органдары Ш.Капаров мыйзамсыз иштерди Соттордун мыйзамсыз токтомдору менен мыйзамдаштырган экен деп, Капаровду ушул күнгө чейин камабай, келтирген зыяндарды төлөтпөй жатат. Себеби, Кара-Суу районунда коррупционерлер мыйзамсыз, кылмыштуу аракеттерине “мыйзамдуу көрүүнүш” берүү үчүн Соттордун мыйзамсыз чечимдери негизинде “мыйзамдаштыруу”, мыйзамсыз тапкан байлыгын легалдаштыруу коррупциялык схемасын ийгиликтуу ишке ашырышкан.

КР УКМК тарабынан Жогорку Соттун бир нече судьясына, анын ичинде төрайымы Г.Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартышкан. Бирок, коррупционер Ш.Капаровдун коррупциялык схемаларын Соттун мыйзамсыз чечимдери менен “мыйзамдаштырып” берген, коррупция белчесине баткан Ош облусунун жана Кара-Суу районунун соттору кылмыш жоопкерчилигине тартылбай, тескерисинче, алардын мыйзамсыз чечимдери негизинде коррупционер Ш.Капаров кылмыш жоопкерчилигине тартылбай жатат. Ош облусунун прокурору жана Ош облусунун УКМК Соттордун бул мыйзамсыз чечимдерин жокко чыгаруу үчүн эч кандай иш кылган, доо арыздар киритишкен эмес. Ш.Капаровдун коррупциялык схемаларын “мыйзамдаштырып”, “легалдаштырып” берген Сотторду КР КЖК 335 бер. 1 бөл. менен Судья тарабынан билип туруп сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка соттук акт чыгаруу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартышкан эмес. Соттордун адилетсиз чечимдери негизинде Капаров мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Азыркы мезгилде тергөө органдарын материалдарында Соттордун мыйзамсыз чечимдери топтолгон, ал мыйзамсыз чечимдерди бардыгын жокко чыгарып, сотторду КР КЖК 335 бер. 1 бөл. менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек. Андан кийин Ш.Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу эскирүү мөөнөтүн өткөрбөй, кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек.

Биз жер тилке ажыратсын деп 2017 жылдан бери КР Президенти, Россия президенти В. Путин, АКШ президенти Трамп жана Байден атына 200 жолу арыз жаздык, Бишкекке жөө жүрүшкө чыктык, Ак Үйдун алдында өзүбүздү орттойбуз деп митинг кылдык, бирок Капаров жер тилке ажыраткан эмес, себеби биздин пара берүүгө акчабыз жок, эгерде пара берүүгө акчабыз болсо, ошол эле күнү токтом чыгарып жер тилке ажыратып берет. Ошондой эле, колунда токтомдору бар, бирок Капаровго парага акчасы жокторго жер жок деп айтат. Капаров жерлерди сатып мыйзамсыз баюу максатында мамлекеттик жана укук коргоо органдарына жер тилке калбады деп жалган маалыматтарды берип,

кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер тилкелерди чоң парага сатты.

1. Ош облусунун аминистративдик сотунун төрагасы А.К. Досалиев 16.10.2020 ж. №АД-566/20-МО мыйзамсыз чечими менен Кара-Суу райпрокуратуранын доо арызын канаттандыруусуз калтырган. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 13.04.2012 ж. №148 сандуу токтомун негиз кылып алган. Бирок, “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР мыйзамынын 6 бер.1,2 бөл. ылайык Ченемдик укуктук актылар юридикалык күчүнүн деңгээли боюнча төмөнкүдөй иерархияда жайгашат:

Конституция, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүчү мыйзам;

конституциялык мыйзам;

кодекс;

мыйзам;

Президенттин жарлыгы;

Жогорку Кеңештин токтому;

Өкмөттүн токтому;

Улуттук банктын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын актылары;

ченем жаратууга ыйгарым укуктарын башкага ыйгаруу актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укук алган мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актылары;

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары.

Ченемдик укуктук акт өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга каршы келбеши керек.

Бирок, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 13.04.2012 ж. №148 сандуу токтому өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон КР Жер Кодексинин 33 бер. 2 бөл., КР Өкмөтүнүн №177 6.05.2005 ж. токтому менен бекитилген Жобонун 6, 7 бер. талаптарына каршы келет. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 12 бер. ылайык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартышат. Аталган мыйзамдын 63 бер. 2-бөл. ылайык Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын чечимдери КР мыйзамдарына карама- каршы келбоого тийиштиги каралган. КР Жарандык Кодексинин 12 бер. ылайык Мыйзамга туура келбеген жана жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган мамлекеттик органдардын жана жергиликтуу өзүн-өзү башкаруу органдарынын укуктук ченемдик эмес актылары сот тарабынан жараксыз деп табылууга жатат. Бирок, Судья А.Досалиев жемкор Капаровдун мыйзамсыз иштерин “мыйзамдаштыруу” максатында мыйзамсыз Ченемдик укуктук акт -  Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 13.04.2012 ж. №148 сандуу токтомун негиз кылып алган. Кара-Суу райпрокурору Айтикулов болсо Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 13.04.2012 ж. №148 сандуу токтомун жокко чыгаруу боюнча мыйзамдуу чаралар, судья А.Досалиевди КР КЖК 335 бер. 1 бөл. кылмыш жоопкерчилигине тарткан жана Соттор кеңешинин Дисциплинардык комиссиясына Сунуш жөнөткөн эмес. Коррупцияга малынган айыл өкмөт жана Сот Досалиевдин мыйзамсыз чечимдери натыйжасында карапайым айыл эли жерсиз калган.

2. Ош облусунун аминистративдик сотунун судьясы А.К. Досалиевдин 14.11.2017 ж.  № АД-000700/17-МО мыйзамсыз токтому (башка токтомдор дагы болуушу мүмкүн) менен соц.объект - “Төлөйкөн” ооруканасын жер тилкеси жеке менчикке өтүп кеткен. Себеби судья А.Досалиев Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 17.08.2001 ж. №173 токтомун мыйзамдуу деп тапкан. Ал токтомдо “Төлөйкөн” ооруканасынын пайдаланылбай турган жеринен 0,06 га жер тилке Ташпулатова Хилолаге жеке менчикке ажыратылсын деп жазылган. Бирок, КР Президентинин 16.02.1995 ж. №37 Жарлыгы менен социалдык объекттердин жерлери жеке менчикке берилбейт.

3. КР Жогорку Сотунун 14.04.2016 ж. жана Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын (судьялар Касымалиев, Джунусов, Атаев) мыйзамсыз 18.04.2018 ж. №К006-57/2018-АД мыйзамсыз токтомдору негизинде соц.объект - “Төлөйкөн” ооруканасы жер тилкеси жеке менчикке өтүп кеткен. Себеби, Ош областтык соту судьялары Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 17.08.2001 ж. №173 токтомун мыйзамдуу деп тапкан. Ал токтомдо “Төлөйкөн” ооруканасынын пайдаланылбай турган жеринен 0,06 га жер тилке Ташпулатова Хилолаге жеке менчикке ажыратылсын деп жазылган. Бирок, Х.Ташпулатоваге 18 жашында КР Жер Кодексинин 33 бер. 2 бөл. талаптары кезектуулук тартиби одоно бузуп жер тилке мыйзамсыз ажыратылган. Ошондой эле, Абдужаббарова (Ташпулатова) Хилола КР Жер Кодексинин 32 бер. 1 бөл. талаптарын одоно бузуп акысыз түрдө 2 (эки) жер участогу алган. 2005 жылы, Кызыл-Кыштак айыл окмөтү Ташпулатова Хилолаге Жаңы-Турмуш айылынан 0,04 га жер ажыраткан. Ташпулатова 0,04 га жерди алып, 14 миң долларга И.А. Гафуровго мыйзамсыз, салык төлөбөй сатып жиберген.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 17.08.2001 ж. №9-173 жасалма токтому жана 02.07.2009 ж. №103/1 мыйзамсыз токтому менен Ташпулатова Хилола социалдык мекеме “Кызыл-Кыштак” ҮБДТ жеринен экинчи жер участогуну алган. Ошентип, КР Жер кодексинин 32 бер. 1 бөл. талаптарын одоно бузган. Жер участогу КР жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан КР бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга, ошондой эле КРнын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына КР Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет. Мындан тышкары, КР Өкмөтүнүн №177 06.05.2005 ж. токтому менен бекитилген «Жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторун пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө» Жобонун 7 бер. ылайык, жеке турак жай куруу үчүн жер алуу укугу КР (бүткүл) аймагында жекече турак-жай курулушу үчүн жер участогу мурда берилген эмес жана ээ болгон эмес КР жаранына берилет. Бирок, судьялар КР мыйзамдарына түкүрүп, соц.объектти жеке менчикке мыйзамсыз мыйзамдаштырып берген. Кара-Суу райпрокурору Айтикулов болсо Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 17.08.2001 ж. №173 жасалма токтому жана 02.07.2009 ж. №103/1 мыйзамсыз токтомун жокко чыгаруу үчүн Сотко бербей, судьялар Касымалиевди, Джунусовду, Атаевди КР КЖК 335 бер. 1 бөл. кылмыш жоопкерчилигине тарткан жана Соттордун Дисциплинардык комиссиясына Сунуш жөнөткөн эмес. Коррупцияга малынган айыл өкмөт жана судьялардын мыйзамсыз чечимдери натыйжасында соцобъект жерсиз калган.

4. Ош облусунун аминистративдик сотунун судьясы З.О. Абдыкадырованын 22.06.2020 ж. АД-565/20-МО мыйзамсыз аныктамасы менен Кара-Суу райпрокуратуранын доо арызын кароосуз калтырган. Карасуу райпрокурору Айтикулов ал мыйзамсыз аныктаманы жокко чыгаруу боюнча жана соттук процесске катышпаган прокурорго мыйзамдуу чара коргон эмес. Коррупцияга малынган айыл өкмөт жана Сот Абдыкадырованын мыйзамсыз чечимдери натыйжасында айыл эли жерсиз калган.

5. Сураташ айылында жер тилкелер 30-35 миң доллар болгондуктан, Ш.Капаров ОшГипрозем, Мамкаттоо кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, Сураташ айылынын генпланын жасалмалап, КР Жер Кодексинин 78 беренесин одоно бузуп, Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерин - жолдорун мыйзамсыз жеке менчикке, Сураташ айылында социалдык объект-мектепке ажыратылган жерден бир катар жер тилкелер мыйзамсыз ажыраткан. Ш.Капаров кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетуу максатында Кара-Суу районунун прокурору М.Айтикулов менен алдын ала сүйлөшүп Сураташ айылынын жасалма Генпланын мыйзамдуу деп табууга жетишкен. 2018 жылга чейин ал жерде 5 көчөнү - кварталды бириктирген чоң жол болгон. Кара-Суу районунун прокурору М.Айтикулов жолду мамлекетке кайтаруу боюнча Сотко доо арыз менен кайрылбай, тескерисинче колдоп, Сот З.Абдыкадырова болсо мыйзамсыз жерди мыйзамдаштырып берген. Ошондой эле, архитектура жана шаар курулуш жоболоруна ылайык көчөлөрдү генпланын даярдап жаткан мезгилде көчөлөрдү бириктирген жолдор ар 150-200 метрге коюулушу каралган. Бирок, прокурор М.Айтикулов корутундусун чыгарган мезгилде ал мыйзамдуу негиздерди жана жоболорду мыйзамсыз четке кагып, жер мыйзамдарын одоно бузган. Себеби, Сураташ участкасында жер тилкелер кымбат 30-35 миң доллар. Мыйзамдар, шаар куруу жоболору эмес, материалдык кызыкчылыктар роль ойногон. Ошондой эле, Сураташ айылынын ошол жердеги 2016 жылга чейин берилген чектеш бардык жер тилкелердин Кызыл китептеринде жана АПЗларында жол так чиймеленип турат. Ошол жердеги жер тилкелердин бардыгынын аянтты 600 кв.метр, туурасы 17-20 метр, узундугу 30-35 метр. Ш.Капаров тарабынан мыйзамсыз жасалма токтом негизинде жеке менчикке берилген жер тилке болсо туурасы 14 метр. Туурасы башка жер тилкелерге дал келбей жатат. Генплан боюнча жолдордун туурасы 14 метр каралган, демек ал жол. Бирок, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып  Айтикулов Капаров менен алдын ала сүйлөшүп, ал мыйзамдуу негиздерге таянбай, тескерисинче Капаров жасалмалаган Генпланга таянып, мыйзамсыз корутунду чыгарып, жалпы пайдалануудагы жер - жол коррупциялык жолдор менен мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кетишине шарт түзгөн.

Жергиликтүү эл нааразы болгондо Ш.Капаров Сураташ айылынын тургуну Халматов Рузибай атынан Ош райондор аралык Сотуна доо арыз менен кайрылат. Бирок, Соттон утулуу максатында соттук отурумдарга Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров өзүнүн өкүлүн атайын жөнөткөн эмес. Ошондой эле, Халматов Рузибай, ошол жерди мыйзамсыз саткан Халматов Абдумуталдын жакын тууганы болот. Бул жерде Ш.Капаров атайын кызыкчылыктардын кагылышуусу менен доо арызды жер ээси - Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү тарабынан эмес, ал жолго тиешеси жок жана укугу, мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган эмес (ненадлежащий истец) Халматов Рузибайды мыйзамсыз катыштырат. Ошондой эле, соттук отурумда прокуратура өкүлү Э.Асанкулов М.Айтикуловдун мыйзамсыз корутундусуна таянып, доо арызды колдобойт. Натыйжада Ош райондор аралык сотунун судьясы З.О.Абдыкадырова тарабынан жасалма генплан негизинде 25.09.2020 ж. мыйзамсыз токтому менен Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жолу жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кетет.

Жер ээси - Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү доо арыз менен кайрылбайт, кайрылса дагы арызды кайтарып алат, же болбосо атайын утулат. Себеби Ш.Капаров алган чоң параларды кайтарышы керек. Ошондой коррупциялык схемалар менен Ш.Капаров аймактын көптөгөн жерлерин атайын уттуруп, Соттун мыйзамсыз токтомдору менен мыйзамдаштырып, параны “адалташтырган”.   

6. Ш.Капаровдун мыйзамдуу өкүлү айыл өкмөт юристи Б.Сайдалиев Кара-Суу райондук Сотунун процессинде Аэропорт сатылышына каршы болбой, тескерисинче колдоп берген. Натыйжада Кара-Суу райондук Сотунун 28.11.2011 ж. мыйзамсыз токтому менен Аэропорт болгону 111 миң сомго жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен. Ал токтом КР Жогорку Сот токтому менен мыйзамсыз бекитилген. Азыркы күнү Аэропорттун 1 сотик жери 20 миң долларга сатылып жатат. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

7. Б.Осмонов көчөсүндө (Ахмедов трассасы) Коммунист айылында калктуу конуштарда жайгашкан мыйзамсыз бензозаправка Соттордун мыйзамсыз чечимдери менен мыйзамдаштырылган. Соттор элдин коопсуздугунан материалдык пайдасын жогору койгондугу натыйжасында Коммунист айылында жашоочу тургундар үчүн жарылуу, транспорт-авариялык абал чон коркунучтору жаралган.

8. Б.Осмонов көчөсүнүн (Ахмедов трассасы) жол боюнда жайгашкан “Россия” бензозаправкасы Ош шаарынын мэринин мыйзамсыз токтому менен Кара-Суу районунун жери мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен. “Акт Магнитский” тизмесине кирген эл аралык коррупционер Раим Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова менен афирленген жактарга жер катталып калган. Мыйзамсыз ажыратылган жер Соттордун мыйзамсыз чечимдери менен “мыйзамдаштырылган”. Соттор мыйзамдуулуктан материалдык пайдасын жогору койгондугу натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген жана транспорт-авариялык абал чон коркунучтору жаралган.

9. Ш.Капаровдун коррупциялык схемаларын “мыйзамдаштырып”, “легалдаштырып” берген Соттордун башка көптөгөн мыйзамсыз чечимдери чыккан, аларды жокко чыгаруу жөнүндө доо арыздар келтирип, Сотторду КР КЖК 335 бер. 1 бөл. менен кылмыш жоопкерчилигине тартүү керек.

10. Ошол эле учурда Ш.Капаров тарабынан мыйзамсыз чоң парага сатылган жер тилкелерди мамлекетик менчикке кайтаруу жана Капаров тарабынан мамлекетке келтирилген бир нече миллиондогон долларлык зыянды төлөтүү үчүн УКМК, прокуратура жана сот органдары тарабынан эч кандай аракеттер жасалбай, Капаров мамлекет эсебинен мыйзамсыз байып жатат.

11. Капаровдун табакташы эки жолу соттолгон криминал С.Мамарзаев Кара-Суу райондук Сотунун 27.10.2020 ж. №ГД-1098/20-О3 чечими менен мыйзамсыз ээлеп алган жалпы пайдалануудагы жол-тротуарды бошотуушу каралган. Бирок, эки жолу соттолгон криминал С.Мамарзаев опузалап Сот токтомун мыйзамсыз аткарбай жатат.

12. Капаровдун тууганы А.Маматалиев муниципалдык менчиктеги 450 кв.м. имаратта мыйзамсыз кумаркана уюштурган. Кара-Суу райондук Сотунун 13.08.2020 ж., Ош облусунун административдик Сотунун 15.09.2020 ж. чечимдери жана Ош областтык Сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 12.11.2020 ж. АО 05-764/20 аныктамасы менен бошотуушу каралган. Бирок, А.Маматалиев опузалап Сот токтомдорун мыйзамсыз аткарбай жатат. Ошондой эле, райпрокурор Айтикулов Капаров жана А.Маматалиевди КР КЖК 212 бер.1,2 бөл. менен кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартпай жатат. Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:

1) Ш.Капаровдун коррупциялык схемаларын “мыйзамдаштырып”, “легалдаштырып” берген Соттордун мыйзамсыз чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө доо арыздар келтирип, Соттордун башка көптөгөн мыйзамсыз чечимдерин аныктап, Сотторду КР КЖК 335 бер. 1 бөл. менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду.

2) Капаровго крыша болуп мыйзамдуу чара көрбөгөн Кара-Суу районунун прокурору М.Айтикуловду КР КЖК 320 бер. 1,2,4 бөл. менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду.

3) Ш.Капаровдун тууганы А.Маматалиевди жана эки жолу соттолгон криминал С.Мамарзаевди ЖЖК 167 бер. жоопкерчиликке тартып, сот чечимин аткарылышын камсыздап берүүнүздү суранабыз.

4) Ш.Капаров жана тууганы А.Маматлаиевди КР КЖК 212 бер. 1,2 бөл. менен кылмыш жоопкерчилигине тартүүнүздү суранабыз.

5) КР Жер Кодексинин 33 бер. 2 бөл., КР Өкмөтүнүн №177 6.05.2005 ж. токтому менен бекитилген Жобонун 6 бер., КР Өкмөтүнүн 23.09.2011 ж. №571 токтому менен бекитилген Жобонун 33 бер., “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 15 бер. 2 бөл. талаптарын коррупционер Ш.Капаров тарабынан одоно бузгандыгына байланыштуу КР КЖК 320 бер. 1,2,4 бөл., КР КЖК 319 бер. 2 бөл. Коррупция менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу эскирүү мөөнөтүн өткөрбөй, кылмыш жоопкерчилигине тартып, камап, мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды төлөтүүнүздү.

Коррупционердин курмандары О.Д. Токторалиева, Г.М. Мирзакаримова, 21.02.2021 ж.

Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Капаровду күнөөлүү деп эсептөөнүздү суранабыз, себеби бизди бир нече жолу жемкор Капаров жана уулдары өлтүрөбүз деп коркутушкан.






Загрузка...


Глава Тувы Владислав Ховалыг
Тува

Владислав Ховалыг: "От всей души желаю вам интересных летних каникул и ярких впечатлений!"


Спорт в Туве
Тува

"Актобе" отменил сенсацию в матче КПЛ-2024


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Александр Зверев

Александр Зверев: «Сказал себе, что хочу стать примером для подражания. Я больше не ломаю ракетки, почти не получаю предупреждений»


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в Туве
Тува

Тувинский ученый Григорий Монгуш участвовал в комиссионном испытании водоугольного топлива в Новокузнецке





Путин в Туве
Тува

Фонд «Защитники Отечества» в Туве за год принял более 6500 обращений


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Генерал КГБ»: Лукашенко на закрытом совещании объявил, что скоро вступит в войну




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

В Киеве не смогли гарантировать личное присутствие Зеленского на саммите G7


Навальный в Туве


Здоровье в Туве


Частные объявления в Кызыле, в Туве и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певица Орлова рассказала о процессе лечения Заворотнюк и врачебной тайне



Кызыл

ТЮЗ Тувы отметил юбилей в День защиты детей

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net