Главные новости Кызыла
Кызыл
Февраль
2021

Коррупционер Шарабидин Капаров продал земельный участок Жураеву Шахобидину Зиядиллоевичу за 30 тысяч долларов. Деньги использовал для подкупа голосов для партии "Мекеним Кыргызстан"

0
Коррупционер Шарабидин Капаров продал земельный участок Жураеву Шахобидину Зиядиллоевичу за 30 тысяч долларов. Деньги использовал для подкупа голосов для партии

КР Президенти, Коопсуздук кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

                                                723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-

                                                                  Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АРЫЗ-өтүнүч (КР Конституциянын 33 беренесинин негизинде)                      

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш. Капаров мыйзамсыз баюу максатында көптөгөн коррупциялык схемалар тузуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш. Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып  турак жай куруу үчүн жер тилкелерди мыйзамсыз, коомдук угууларды өткөрбөстөн, кезектуулук тартибин одоно бузуп чоң парага 91 гектар жерди сатып жиберген.

Эгерде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаровдун жарандарга берген жер тилкелердин тизмесин, жер ажыратып берүү жөнүндөгү токтомдорун, жардам акчасын ажыраткан буйруктарын толук текшерсе, коррупциялык схемалардын мисалдары аябай көп чыгат. Ошондой эле, Ш.Капаров мурдагы айыл өкмөт башчылары М.Жумабаева, Б.Казаков кол тамгаларын, токтомдорду жасалмалап, жасалма токтомдор негизинде көптөгөн жер тилкелерди чоң парага сатып, мыйзамсыз байыган. Турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүү 2006 жылдан бери Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы, андан кийин башчысы болгон Ш. Капаров үчүн кирешелүү бизнеске айланды. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жер тилке үчүн пара төлөй алышпайт, ошондуктан Ш. Капаровдун кошелёкторуно паспортторун алдын 5 миң сомдон, азыркы учурда 10 миң сомдон сатууга мажбур болуп жатышат. Ошол паспортторго жер тилкелерге документ жасалып, колунда бар адамдарга жер тилкелерди сатып жатышат.

Сатып алынган паспортторго Капаров коомдук угууларды өткөрбөстөн, кезексиз эле токтом чыгарып, жер тилкелерди ажыратып берет, кошелёктору аркылуу ошол жер тилкелерди ото кымбат баада сатып жатат. Капаров мыйзамсыз жер ажыратып жаткандыгы үчүн жоопкерчилик-тен качып, өзүнүн орун басарлары болгон Н. Эргашевке, Ш. Сайфитдиновко, М.Маккамбаевке, алардын укуктук полномочиесине кирбеген функцияны мыйзамсыз аткартырып, жер тилке ажыратуу жөнүндөгү токтомдорго мажбурлап  кол койдурат. Ошол эле учурда биз карапайым калк, көптөгөн жыл колхоздо иштеп, ондогон жылдар кезек кутуп чек ала албай жатабыз. Себеби биздин Капаровго пара берүүгө акчабыз жок. Президентке көп жолу кайрылсакда, Капаров жер тилке ажыраткан эмес, себеби биздин пара берүүгө акчабыз жок, эгерде пара берүүгө акчабыз болсо, ошол эле күнү токтом чыгарып жер тилке ажыратып берет. Кара-Суу райондук Мамкаттоо базасынан маалыматтарды алып текшерсе, аларда Капаровдун кошелёгу А.Жолонов жана башка уюшкан кылмыштуу топ (УКТ) мүчөлөрү аркылуу миңдеген жер тилкелер сатылган. УКТ саткан ошол миңдеген жер тилкелер боюнча кылдаттык менен тергөө жүрүшү керек.

УКТ башчысы Ш.Капаров, мүчөлөрү А.Нуржанов, А.Жолонов жана башкалар тарабынан карапайым айыл элинин жеке мүлкүн тартып алуу, сатып жиберүү жасалма документтер, токтомдор, кол тамгалар аркылуу системалык турдо болуп, мыйзамсыз байышкан. Себеби, аларды Матраимовдор крышевать этип, долясын алышкан. Ошондуктан алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай жатат. Ш. Капаров үй-жай куруу үчүн жер тилкелерди Жер Кодексинин 33 бер. 2 бөл. одоно бузуп, кезектуулук тартибин одоно бузуп, КР Өкмөтүнүн №177 6.05.2005 ж. токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобо”нун 6 бер. одоно бузуп, коомдук угуулар өткөрбөй, жең ичинен 91 гектар жер тилкелерди кошелёктору аркылуу чоң парага сатып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыянт келтирген.

Андан сырткары, муниципалдык менчикти баалоодо, жеке менчикке саттууда, ижарага берүүда коррупциялык схемаларды колдонуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

КР Өкмөтүнүн 23.09.2011 ж. №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо”нун 33 бер. ылайык Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү коомдук угууларды өткөрүүшу зарыл. Кызыкдар жактарга коомдук угуулар болгону жатканы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук угуу болоордон 15 күн мурдатан жарыялоо менен кабарлайт. Коомдук угууга кызыкдар жеке жана юридикалык жактар катышууга укуктуу. Коомдук угуу процессинде протокол түзүлөт, анда түшкөн бардык сунуштар, сын-пикирлер жана аларды кароонун жыйынтыктары жазылат. Коомдук угуунун жыйынтыгы жөнүндө протокол Жер участоктун планы жана ага тиркелген материалдар менен комиссияга жиберилет. Протоколдун копиясы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн кызматтык имаратында жалпыга көрүнөө жердеги атайын стендге илиниши керек эле. Бирок, жер саткыч Ш.Капаров коомдук угуулар өткөргөн жок жана коомдук угуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн кызматтык имаратында жалпыга көрүнөө жердеги атайын стендге 2010 жылдан азыркы күнгө чейин эч качан илген жана Тоорук комиссиясына берген эмес.

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 15 бер. 2 бөл. ылайык Тоорук өткөргөндө жана кыймылсыз муниципалдык мүлктү бир жылдык жана андан көбүрөөк мөөнөткө ижарага же пайдаланууга берүү жөнүндө келишим түзгөн учурда Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров кыймылсыз муниципалдык менчикти ижарага же пайдаланууга берүү ниети жөнүндө табыштаманы кабыл ала тургандыгы тууралу кулактандыруу жарыялайт. Жазуу жүзүндөгү билдирүү коомдук жайларда илинүүгө тийиш. Бирок, жемкор Ш.Капаров мыйзамдын ал талаптарын 2010 жылдан азыркы күнгө чейин одоно бузуп, кулактандыруу жана жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрдү коомдук жайларда эч качан илген эмес, себеби коррупциялык схемалар иштебей калат. Мыйзамдын ушул талаптары паракор Ш.Капаров тарабынан одоно бузулгандыгына байланыштуу 02.12.2020 ж. тоорук комиссиясынын отурумун мыйзамсыз деп таап депутат У.Абдулазимов чыгып кетет.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш.Капаров жер тилкелерди ажыратып берүү жөнүндөгү маалыматтарды мамлекеттик сыр катары сактап, элге жарыялабай, Президенттин системалык коррупцияны алдын алуу жөнүндөгү мамлекеттик саясатына тукуруп жатат.

Ш.Капаров шайлоодон мурда мыйзамсыз жер тилкелерди ажыратып, 30 миң доллардан саткан. Ошол коррупциялык акчаларды Ш.Капаров  шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш сатып алуу үчүн иштеткен. Ошондуктан Кыргызстан боюнча Кызыл-Кыштак айыл аймагында “Мекеним Кыргызстан” партиясына аномалдуу жогору пайыз көрсөткүчү катталган. Бирок, Ш.Капаров добуштарды сатып алуу боюнча КР КЖК 192 бер. менен кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылган эмес. Шайлоога “Мекеним Кыргызстан”га добуш сатып алуу үчүн көптөгөн жер тилкелерди сатам деп акча алып алган, ошондуктан шайлоодон кийин жер тилкелерди мыйзамсыз каттатып берген. Мисалы үчүн, Жураев Шахобидин Зиядиллоевичге 30 миң долларга сатып, Кадастрдан 18.12.2020 ж. каттатып берген, андай мисалдар көп. Ошол эле учурда колунда токтомдору бар, бирок Капаровго парага акчасы жокторго жер жок деп айтат.

КР Президенти С.Н. Жапаров системалык коррупция менен күрөшүү жана алдын алуу максатында укук коргоо органдарына коом да жардам бериши керек деген. Ошондуктан КР Конституциясынын 33 беренесинин, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”гу КР мыйзамынын талаптарын негизинде Сизден төмөнкү маалыматтарды жазуу турундо берүү боюнча Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жана Кара-Суу райондук Кадастр башкармасына тапшырма берүүнузду суранабыз:

1) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнөн арызга тиркелген №1, 2, 3 тиркемелер негизинде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу айылдарынан жеке менчик турак-жай куруу үчүн берилген жер тилкелерин 2010-2021 жылдары алган жарандардын тизмесин, муниципалдык менчикти ижарага жана жеке менчикке берилген имарат, жер тилкелерди жана башка муниципалдык мүлктү 2010-2021 жылдары алган жарандардын тизмесин, жергиликтүү бюджет эсебинен 2017-2021 жылдары социалдык жардам алган жарандардын тизмесин толук жана так маалыматты, жана тиркемелер негизинде тузулгон тизмелер негизинде берүүсү боюнча тапшырма берүүнузду суранабыз.

2) Кара-Суу райондук Кадастр башкармасынан арызга тиркелген №1, 2 тиркемелер негизинде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу айылдарынан жеке менчик турак-жай куруу үчүн берилген жер тилкелерин 2010-2021 жылдары алган жарандардын тизмесин, муниципалдык менчикти ижарага жана жеке менчикке берилген имарат, жер тилкелерди жана башка муниципалдык мүлктү 2010-2021 жылдары алган жарандардын тизмесин берүүнузду суранабыз.

3) Кара-Суу райондук Кадастр башкармасынан арызга тиркелген №1 тиркеме негизинде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу айылдарынан мурдагы айыл өкмөт башчылары М.Жумабаева жана Б.Казаковдун жасалма токтомдору негизинде жеке менчик турак-жай куруу үчүн берилген жер тилкелердин 2010-2021 жылдары алган жарандардын тизмесин берүүнузду.

4) КР Жер Кодексинин 33 бер. 2 бөл., КР Өкмөтүнүн №177 6.05.2005 ж. токтому менен бекитилген Жобонун 6 бер., КР Өкмөтүнүн 23.09.2011 ж. №571 токтому менен бекитилген Жобонун 33 бер., “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 15 бер. 2 бөл. талаптарын коррупционер Ш.Капаров тарабынан одоно бузгандыгына байланыштуу КР КЖК 319 бер. 2 бөл. Коррупция менен кылмыш жоопкерчилигине тартып, камап, мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды төлөтүүнүздү.

 

Тиркеме: №1, 2, 3 тиркемелер.              

Коррупционердин курмандары                                 О.Д. Токторалиева,

                                                                                  Г.М. Мирзакаримова, 2 февраль 2021 ж.






Загрузка...


Глава Тувы Владислав Ховалыг
Москва

Собянин заявил об увеличении числа резидентов ОЭЗ «Технополис Москва»


Спорт в Туве
Тува

В Туве выявили сильнейших среди подразделений Росгвардии по служебному биатлону и легкой атлетике


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Теннисист Медведев может спуститься на пятое место в ATP после "Мастерса" в Риме


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в Туве
Тува

По заказу компании «Лунсин» в Туве высадили около 70 тыс саженцев в рамках лесовосстановления





Путин в Туве
Москва

Захарова назвала визит Путина в КНР судьбоносным шагом, определяющим будущее всей планеты


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский заявил о «самом большом преимуществе» России в конфликте


Навальный в Туве


Здоровье в Туве


Частные объявления в Кызыле, в Туве и в России






Загрузка...

Загрузка...



Тимати

Бывшая пассия Тимати рассказала о замершей беременности



Кызыл

Звездный реванш и матч за лидерство. Топ-5 интриг девятого тура КПЛ

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net