Ташкентте Кыргыз киносунун күндөрү өтүп жатат
Ташкентте “Кыргыз киносунун күндөрү” фестивалы уланууда. Алишер Навои атындагы Кино үйүндө өтүп жаткан маданий иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерин бекемдөө максатын көздөйт.
Бейшемби күнү Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” жана Садык Шер-Нияздын «Курманжан Датка» тасмалары көрсөтүлдү.
Бүгүн 26-октябрдын кечинде Төлөмүш Океевдин “Кызыл алма” жана Мирлан Абдыкалыковдун «Сүтак» фильми өзбек көрөрмандарынын назарына тартууланат. (RK)