Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026

ФБР башчысы Пател The Atlantic басылмасын сотко берди

0

АКШнын Федералдык тергөө бюросунун (ФБР) башчысы Каш Пател The Atlantic басылмасына каршы 250 миллион долларлык доо арыз менен сотко кайрылды.

Доого себеп болгон макалада Пател «ичимдикке берилгени», кызматтык милдетин аткара албай турганы, коомдук коопсуздукка коркунуч жаратары жазылган. Ошондой эле ал АКШнын Юстиция министрлигинин этикалык эрежелерин бузганы белгиленген.

Макаланын автору Федералдык тергөө бюросунун ичиндеги анонимдүү булактарга таянып Пател бир нече жолу өзгөчө кырдаалдарда табылбай калганын жазган.

Айрым учурларда аны жабык бөлмөлөрдөн чыгаруу үчүн атайын жабдуулар колдонулганын да билдирген.

Каш Пател бул маалыматтарды жалган жана жалаа деп атап, соттон The Atlantic басылмасынан кеминде 250 миллион доллар өндүрүп берүүнү талап кылууда. Ал макала атайылап зыян келтирүү максатында жазылганын жана катага толо экенин билдирген. Ошондой эле басылма ага карата мурда эле терс мамиле кылып келгенин, макаланын максаты аны кызматтан кетирүүгө багытталганын айткан.

46 жаштагы Пателдин айтымында, ал макала жарыяланар алдында басылмага маалыматтар жалган экенин билдирген, бирок анын түшүндүрмөсү эске алынган эмес.

Өз кезегинде The Atlantic доону «негизсиз» деп атады. Басылманын өкүлү CNN телеканалына берген комментарийинде материалдын тактыгына ишенерин жана сотто коргонууга даяр экенин билдирди.

Макаланын автору Сара Фицпатрик да өз иликтөөсүн коргоп, анда жазылган ар бир сөз үчүн жооп берерин, 20дан ашык адам менен сүйлөшкөнүн айтты. Алардын арасында бюронун азыркы жана мурдагы кызматкерлери, укук коргоо жана чалгын органдарынын өкүлдөрү, саясатчылар жана башка адамдар бар. Баары анонимдүү шартта маалымат берген.

Азырынча башка басылмалар The Atlantic жарыялаган маалыматтарды өз алдынча ырасташа элек.

Пател Федералдык тергөө бюросунун башчылыгына 2025-жылдын февраль айында дайындалган.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net