Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

НАСАнын "Артемида-2" миссиясынын астронавттары Жерге кайтты

0

Америкалык “Орион” космос кемеси бортунда төрт астронавт менен Тынч океандын Сан-Диего жээгине ийгиликтүү конгонун НАСА кабарлады.

“Артемида-2” миссиясынын алкагында астронавттар жарым кылымдан ашык убакыттан бери биринчи жолу Айга учурулду. Америкалыктар Рид Вайсман, Кристина Кук жана Виктор Гловер, канадалык Жереми Хансен Жердин жалгыз жандоочусу болгон Айдын жанынан жакын аралыкта учуп, аны 10 күн ичинде айланып чыгышты.

“53 жыл мурда адам баласы Айдан кеткен. Бул жолу биз калуу үчүн кайтып бардык. Келгиле, алар баштаган ишти аягына чыгаралы”, - деген НАСАнын жетекчи орун басары Амит Кшатрия.

Астроновттар командасы тарыхта башка адамдарга караганда алда канча Жерден алыс учуп, жарым кылымдан ашык убакыт мурда “Аполлон 13” командасынын рекордун жаңыртышты.

АКШнын президенти Дональд Трамп астронавттардын Жерге кайтып келишин куттуктады, аларды абдан таланттуу жана укмуштуудай экипаж деп атады:

"Бардыгы абдан толкундатты, конуу идеалдуу болду. Кошмо Штаттардын президенти катары мен абдан сыймыктанам. Жакын арада баарыңар менен Ак үйдө жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам. Биз муну кайрадан кайталайбыз, кийинки кадам Марска!”, - деп жазды ал Truth социалдык тармагына.

АКШнын аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча мамлекеттик башкармалыгы НАСА (NASA) «Артемида-2» миссиясын Канаверал тумшугундагы Кеннеди космостук борборунан 1-апрелде учурган.

«Артемида-2» АКШнын Ай боюнча жаңы долбоорунун негизги бөлүгү. Анын алкагында астронавттар космосто жашоону камсыз кылуучу системаларды сыноодон өткөрүшү керек. Миссия ийгиликтүү болсо программа улантылары, баары жакшы өтсө, келерки жылы Айга коно турган миссия жөнөтүлөрү айтылган.

НАСА Айга конууну ишке ашырууга умтулууда. Эгер ал ийгиликтүү ишке ашса, 1972-жылдагы акыркы америкалык «Аполлон» миссиясынан кийинки биринчи конуу болмокчу. Ошол эле учурда Кытай да өзүнүн программасын кеңейтип, 2030-жылга карата астронавттарды Айга кондурууну пландап жатат.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net