Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

БУУ катуу бомбаланган Ливан азык-түлүк кризисинин кырында турганын эскертти

0

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Ирандагы согуштан улам Ливан тамак-аш кризисине кептелиши мүмкүн деп эскертти.

«Биз ливандыктардын жапырт жер которгонуна гана эмес, абал азык-түлүк кризисине айланып баратканына күбө болуп жатабыз”, - деп билдирди Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Эллисон Оман.

Анын айтымында, баалар асмандап кетип, жер которгон үй-бүлөлөр арасында талап өскөн сайын тамак-аш тартыш болууда.

“Ливандын түштүгүндөгү базарлардын 80% ашууну жабылып, Бейруттагы базарларга күч келүүдө. Соодагерлер бир жумага жетпеген азык калганын айтышат”, - деп кошумчалады дипломат.

Өлкөнүн түштүгү 2-марттан бери Израил аскерлери тарабынан катуу бомбаланып келатат. Натыйжада тамак-аш жеткирүү дээрлик мүмкүн болбой калды.

Омандын айтымында, үстүбүздөгү аптада азык-түлүк жеткирип бараткан БУУнун кербени Ливандын түштүгүнө адатта бир нече саат кеткен жолго 15 саат коротту.

9-апрелде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кабинетине Ливан менен тез арада сүйлөшүү баштоо буйругун берди. Маалыматка караганда, анда иранчыл «Хезболла» уюмун куралсыздандыруу маселеси талкууланмакчы.

2-мартта “Хезболла” Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеинин өлүмү үчүн "өч аларын" айтып, Израилди аткылоого киришкен. Ошондон бери Израилдин армиясы кошуна өлкөнүн түштүгүнө жана Бейруттун эл жыш жашаган конуштарына сокку урууда. Израилдин бийлиги согушкерлердин жайларын бутага алганын айтат.

8-апрелде жапырт чабуулдан 250дөн көп киши каза тапканын Ливандын бийлиги билдирген. Ал соккуну бир катар өлкөлөр айыпташты.

Ага чейин расмий маалыматка ылайык, 1500дөн көп киши, арасында 200дөн ашуун балдар менен аялдар өлгөн, бир миллиондон көп киши жер которууга мажбур болгон.

“Хезболла” аткан ракеталардан Израилде эки карапайым киши каза тапкан, турак жайлар менен жарандык инфраструктура объектилери кыйраган.

Тегеран ок атышууну токтотуу макулдашуусуна Ливан дагы камтылганын айтканы менен АКШ жана Израил муну танууда.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net