УКМК экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ишмердүүлүгү Кыргызстандын аймагында тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсү Бишкекте кармалганын 10-апрелде кабарлады. Маалыматка караганда, алар экстремисттик идеологияны жайылтуу жана жаңы жактоочуларды тартуу менен алектенип келишкен.
Алардын жашаган жеринен "Хизб ут-Тахрир" уюму чет өлкөлөрдө басып чыгарган китепчелер жана материалдар алынган.
УКМК 9-апрелде Сириядагы согушка тиешеси бар деген шек менен кыргызстандык жаран кармалганын билдирген. Ал жаран суракта террордук уюмдун ишмердүүлүгүн түшүнгөндөн кийин Сириядан чыгып, Түркия аркылуу мекенине кайтып келгенин айткан.
Атайын кызмат жарандарды Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертип келет.
Ушул тапта Кыргызстанда соттун чечими менен террорчул жана экстремисттик уюм катары ишине тыюу салынган диний бирикмелер: “Ал-Каида”, “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы”, “Күрт элдик конгресси” (Конгра-Эл), “Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” (Ислам боштондук партиясы), “Жихад тобу” (Ислам жихадынын бирикмеси), “Түркстан Ислам партиясы” (Өзбекстан Ислам кыймылы), “Мун чиркөөсү”, “Жайшүл-Махди” (Махдинин аскери), “Жунд-Ал халифат”, “Ансаруллох” (Алланын жардамчлары), “Ат-Такфирвал-хижра”, “Акромия”, “Саид Бурятскийдин (А. Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү”, “Ишим – Ирак, Шам Ислам мамлекети” (ИГИЛ), “Жабхат Ан-Нусра” (Жеңиш фронту), “Катибат Ал-Имам Ал-Бухари” (Имам бухарий батальону), “Жаннат Ошиклари” (Бейишке умтулгандар), “Жамаат Ат-Таухид вал-жихад” жана “Йакын инкар” диний бирикмелери террорчул жана экстремисттик уюм катары ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. (КЕ)
