Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Орусиянын Жогорку cоту "Мемориалды" экстремисттик уюм деп тааныды

0

Орусиянын Жогорку соту бейшемби күнү «Мемориал эл аралык коомдук кыймылы» уюмун экстремисттик деп таап, анын Орусия аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Бул боюнча доо арызды Орусиянын Юстиция министрлиги берген.

Соттук териштирүү жабык өттү. Иштин чоо-жайы ачык айтылган жок. Ошол эле учурда сотко Франция, Германия жана Чехия сыяктуу бир катар Европа өлкөлөрүнүн дипломаттары келгендиги маалым болду.

«Мемориал» адам укуктарын коргоо борбору билдиргендей, сот чечиминде көрсөтүлгөн уюм такыр эле болгон эмес.

«Биз бул “жасалма” уюм эмнеге айыпталып жатканын да билбейбиз. Иш жашыруун тергелди жана бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттин дооматтары менен таанышууга мүмкүн болгон жок», — деп айтылды борбордун билдирүүсүндө.

Укук коргоочулар сот атайылап ушундай бүдөмүк аталышты колдонгон деп эсептешет.

«Путиндин режими колдонгон репрессивдүү ыкмаларды эске алганда, доодо көрсөтүлгөн “жоопкер” атайын ушундай так эмес жана түшүнүксүз аталыш менен берилгени күмөн жаратпайт. Бул келечекте Орусиядагы бардык “мемориалдык” уюмдарга, алардын мүчөлөрүнө жана тарапкерлерине каршы кысым көрсөтүүгө шарт түзөт», — деп укук коргоочулардын билдирүүсүн «Настоящее время» телеканалы келтирди.

«Мемориал» бул ишти «өлкөдөгү макул болбогондордун баарын коркутууга жана жарандык коомду унчуктурбай коюуга багытталган кезектеги аракет» деп атады.

«Мемориалды» экстремисттик уюм деп таануу жана анын бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө тыюу салуу тууралуу чечим дароо аткарылышы керек. Ошол эле учурда, күтүлгөндөй, бул чечим боюнча апелляция берилет.

«Мемориал» – СССРдеги репрессияларды жана Орусиядагы куугунтуктарды изилдеген эң эски уюмдардын бири. Ал 1989-жылы Андрей Сахаровдун катышуусу менен түзүлгөн.

2021-жылдын 28-декабрында Орусиянын Жогорку соту «чет элдик агенттер» реестрине киргизилген «Эл аралык Мемориалды» жоюу чечимин кабыл алган.

Сотко доо арызды Орусиянын Башкы прокуратурасы берген. Расмий себеп катары уюм «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамды бузган деген жүйө менен түзүлгөн бир нече административдик протоколдор көрсөтүлгөн.

Эртеси күнү Москва шаардык соту да ушундай эле чечимди «Мемориал» укук коргоо борборуна карата кабыл алган.

2026-жылдын февралында Орусиянын бийлиги «Мемориал» эл аралык ассоциациясын жана Германиядагы коммерциялык эмес Zukunft Memorial («Келечек. Мемориал») уюмун «ыңгайсыз» уюмдардын тизмесине киргизди.

Бул ассоциация 2023-жылдын май айында Швейцарияда түзүлгөн. Ал «Эл аралык Мемориалдын» ишин жана анын эң мыкты долбоорлорун улантарын билдирген.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net